ПРИГОРОД АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ
Пригородный айылдык кенешинин 28 чакырылышынын 28 сессиясы
2023-жылдын 15-декабрындагы № 82
“Айыл чарбалык арналаштагы жерди индустриялык логистикалык борбордун курулушуна которуу (трансформациялоо) жөнүндө”
Жаран Калыгулов Анарбек Жылдызбековичтин арызын карап чыгып, Пригород айыл өкмөтү Б.Шеримбековтун маалыматын угуп, Пригородный айыл кеңеши талкуулап жана пикир алмашып,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Пригородный айыл аймагында №221 контурда жайгашкан, ижара укугундагы Калыгулов А.Ж. таандык болгон аянты 2,32 га жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, унаа, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка маанидеги жерлер” категориясына, индустриялык логистикалык борбордун курулушуна которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин;
2. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына Пригородный айыл аймагында №221 контурда жайгашкан 2,32 га жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, унаа, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка маанидеги жерлер” категориясына, индустриялык логистикалык борбордун курулушуна которуу жөнүндө өтүнүч келтирилсин.
3. Ушул токтомду аткарууга көзөмөл Пригородный айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К. Шеримбековго жүктөлсүн.
Айыл кеңешинин төраганын орун басары |
| А.Садкина |