ПРИГОРОД АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ
Пригородный айылдык кенешинин 28 чакырылышынын 25 сессиясы
2023-жылдын 28-сентябрындагы № 76
“Административдик- аймактык реформаны өткөрүү жана бириктирүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ №350 “Кыргыз Республикасынын административдик- аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар” жөнүндө Жарлыгын аткаруу максатында, Пригород айыл аймагынын административдик- аймактык реформалоо бюнча долбоорду карап жана талкуулап, “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 12-беренесинин негизинде Пригород айылдык кеңешинин 25-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Пригород айыл аймактын аталышы “Иманалы Айдарбеков атындагы айыл аймак” болуп аталсын.
2. Бул токтом “Агро вести” газетасына жарыялансын жана тиешелүү тартипте юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлсүн.
3. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына ушул токтомду ишке ашыруу сунушу берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Пригород айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Шеримбековго жүктөлсүн.
Пригород айыл кеңешинин төраганын орун басары |
| А.Садкина |