Редакцияот 14.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПРИГОРОД АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ

Пригородный айылдык кенешинин 28 чакырылышынын 23 сессиясы

 

2023-жылдын 14-июлундагы № 65

 

“Айыл чарбалык арналаштагы жерди индустриялык логистикалык борбордун курулушуна которуу (трансформациялоо) жөнүндө”

Жаран Туралиев А.Т. арызын карап чыгып, Пригородный айыл кеңеши талкуулап жана пикир алмашып,

 

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

 

1. Пригородный айыл аймагында Степное айылында №172 контурда жайгашкан, жеке менчик укугунда Туралиев А.Т. таандык болгон аянты 6га жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, унаа, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка маанидеги жерлер” категориясына, индустриялык логистикалык борбордун курулушуна которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин;

2. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына Пригородный айыл аймагында №172 контурда жайгашкан 6га жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, унаа, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка маанидеги жерлер” категориясына, индустриялык логистикалык борбордун курулушуна которуу жөнүндө өтүнүч келтирилсин.

3. Ушул токтомду аткарууга көзөмөл Пригородный айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К. Шеримбековго жүктөлсүн.

 

 

Пригород айыл

кенешинин төрагасы

 

Т.Омурзаков