ПРИГОРОД АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ
Пригородный айылдык кенешинин 28 чакырылышынын 21 сессиясы
2023-жылдын 28-апрелиндеги № 47
АРИСтин “Айылды инвестициалоонун үчүнчү долбоорунун алкагындагы кошумча каржылоо (COVID-19га жооп кайтаруу боюнча)”-КК АИД-3 долбоорундагы Ири долбоорлор “Теремок” бала бакчасынын ремонтуна жана санитардык-гигиеналык жакшыртуусуна”, “Озерный айылынын орто мектебинин чатырын алмаштыруу” жөнүндө
КК АИД-3түн алкагында айылдык аймагында жүргүзүлгөн долбоордук иш-чаралар жөнүндө жана ири долбоор ““Теремок” бала бакчасынын ремонтуна жана санитардык-гигиеналык жакшыртуусуна”, “Озерный айылынын орто мектебинин чатырын алмаштыруу” боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын Шакир уулу Русланды жана Пригородный айылдык аймактын АКИА АКнын төрагасынын Нургазиева Г.Ш, маалыматын карап жана талкуулап, ошондой эле “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 20-октябрь, 2021-жылдын №123 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, Пригородный айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Ири долбоорлор Пригородный айылынын “Теремок” бала бакчасынын ремонтуна жана санитардык-гигиеналык жакшыртуусуна”, “Озерный айылынын орто мектебинин чатырын алмаштыруу” жалпы бюджет 8116763 сом, АРИСтин гранты 7395000 сом, жергиликтүү бюджеттен кошумча каржылоо 721763 сом бекитилсин.
2. Ири долбоорлор “Теремок” бала бакчасынын ремонтуна жана санитардык-гигиеналык жакшыртуусуна”, “Озерный айылынын орто мектебинин чатырын алмаштыруу” 2023- жылдын Пригородный айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү планына жана инвестициялык планга киргизилсин.
3. Ири долбоорлорлордо көрсөтүлгөн обьектилердин техникалык тейлөө жана пайдаланууга жергиликтүү бюджеттен чыгымдары бекитилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн башчысы Шеримбеков Б.К. ири долбоорду жана тиешелүү иш-кагаздарды АРИСке өз убагында берүү тапшырма берилсин.
5. Бул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Пригородный айыл башчысы Шеримбеков Б.К. жана айылдык кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Пригород айыл кенешинин төрагасы |
| Т.Омурзаков |