ПРИГОРОД АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ
Пригородный айылдык кенешинин 28 чакырылышынын 20 сессиясы
2023-жылдын 23-январындагы № 45
“Айыл чарбалык арналаштагы жерди индустриялык логистикалык борбордун курулушуна которуу (трансформациялоо) жөнүндө”
ОсОО “Сельскохозяйственное предприятие “Бекон”” директору Кондратенко М.В. “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, унаа, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка маанидеги жерлер” категориясына, индустриялык логистикалык борбордун курулушуна которуу жөнүндө арызын карап чыгып, Пригород айыл өкмөтү Б.Шеримбековтун маалыматын угуп, Пригородный айыл кеңеши талкуулап жана пикир алмашып,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Пригородный айыл аймагында №268 контурда жайгашкан, менчик укугундагы Острецов К.А. таандык болгон аянты 10,3787 га жер тилкесин (чочко этин чыгаруучу ферма) “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, унаа, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка маанидеги жерлер” категориясына, индустриялык логистикалык борбордун курулушуна которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин;
2. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына Пригородный айыл аймагында №268 контурда жайгашкан 10,3787 га жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, унаа, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка маанидеги жерлер” категориясына, индустриялык логистикалык борбордун курулушуна которуу жөнүндө өтүнүч келтирилсин.
3. Ушул токтомду аткарууга көзөмөл Пригородный айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К. Шеримбековго жүктөлсүн.
Пригород айыл кенешинин төрагасы |
| Т.Омурзаков |