Загрузка документа…
ПРИГОРОД АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-сентябрындагы № 32
Айылдык Коомчулуктун инвестициалык ассосациасын эсептик каттоодон өткөрүү жөнүндө
Пригодный айылдык кенешинин 28 чакырылышынын 15 сессиясындагы күн тартибиндеги маселени Пригородный айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттары туруктуу комиссиянын отурумунда каралып жана талкууну угуп Пригородный айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригородный айыл аймагы Айылдык коомчулук инвестициалык ассосациясын мындан ары (АКИЯ) ишмердүүлүгүн белгилөө үчүн чек ара катары аныкталсын.
2. АКИЯнын конференциясында бекитилген уставдын жана протоколдун негизинде АКИЯ Аламүдүн районунун Пригородный айыл аймагынын айылдык кенешинде эсептик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Аламүдүн районунун Пригородный айыл аймагын айылдык кенешинин жоопту катчысы Усупбаев Н. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык айылдык кенешинин бул токтомун Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине ченемдик актылардын электрондук реестрине киргизүүнү камсыз кылсын.
4. Пригородный айыл өкмөтү АКИЯга жана анын аткаруу комитетине анын Уставына кызматташуу келишимине ылайык Пригородный айыл аймагында анын ишин жүзөгө ашырууга жардам берилсин.
5. Ошондой эле 17 август 2022жылы чыкан №30 Токтом жокко чыгарылсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө иши Пригородный айылдык кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына Пригородный айыл өкмөтүнүн башчысы Шеримбеков Б.К. жүктөлсүн.
Пригород айыл кенешинин төрагасы |
| Т.Омурзаков |