Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI-сессиясы
2024-жылдын 12-июлу № 204
“Ак-Суу айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын
Типтүү Уставын бекитүү жөнүндө”.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесине ылайык,“Ак-Суу айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү Уставын бекитүү жөнүндө” Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы С.Назырбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы С.Назырбаевдин маалыматы көңүлгө алынсын.
2. Ак-Суу айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү Уставын тиркемеге ылайык бекитүүгө макулдук берилсин.
3. Ак-Суу айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү Уставында көрсөтүлгөн жергиликтүү жамааттардын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптери жана эрежелери КР Мыйзамдарына ылайык жөнгө салынсын.
4.Токтомду Ак-Суу айыл өкмөтүнүн www.ak-suu-aa.qov.kq/admin/ сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин мыйзамдуулук,укук жана этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Саматов |