Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI-сессиясы
2024-жылдын 12-июлу № 205
“Ак-Суу айыл аймагынын чек арасынын схемалык картасын бекитүү боюнча”.
Кыргыз Республикасынын айыл аймактырынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары,кадастр,геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор”мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Ак-Суу айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды.
1. Ак-Суу айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасына жана Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын
3. Бул токтомду көчүрмөсү Лейлек районунун мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | А.Саматов |