Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясы
2024-жылдын 10-сентябры № 208
“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн салык кызматынын 2024-жылдын алты айына карата аткарган иштери жөнүндө”.
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн улуу салык инспектору К.Халмуратовдун 2024-жылдын алты айына карата салык планынын аткарылышы боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап,
Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн улуу салык инспектору К.Халмуратовдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн улуу салык инспектору К.Халмуратовдун 2024-жылдын алты айына карата аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Саматов |