Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII-сессиясы
2024-жылдын 10-cентябры № 214
“Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгүн уюштурууга акча каражатын берүү жөнүндө”.
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун 2024-жылдын 17-ноябрында өткөрүлүүчү Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча ”КР Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ №256 Жарлыгына ылайык өткөрүү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2024-жылдын 17-ноябрында өткөрүлүүчү Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү кеңешинин депутаттарын шайлоону уюшкандыкта өткөрүү максатында,шайлоо участкаларына керектүү предметтерди алуу үчүн акча каражатын берүүгө макулдук берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Курбаналиевге милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровго тапшырылсын.
Төрага | А.Саматов |