Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII-сессиясы
2024-жылдын 10-cентябры № 215
“Салыктарды эсептөөдө зоналдык коэффицентти бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө ”.
Мамлекеттик салык кызматынын Лейлек району боюнча башкармалыгынын
2024-жылдын 10-сентябрындагы №026/07-3/530 чыгыш сандуу катында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 398-беренесинин 3,4-бөлүгүнө жана
404-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык үй жанындагы короо-жай жана багбанчылык чарба жер участокторуна,калктуу конуштардын жерлерине,айыл чарба багытындагы эмес жерлерге жана мүлк салыгынын зоналдык коэффицентин бекитүү боюнча Ак-Суу айыл өкмөтүнүн улук салык инспектору К.Халмуратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн улук салык инспектору К.Халмуратовдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. Ак-Суу айыл аймагындагы салыктарды эсептөөдө Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 398-беренесинин 3,4-бөлүгүнө жана 404-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык үй жанындагы короо-жай жана багбанчылык чарба жер участокторуна,калктуу конуштардын жерлерине,айыл чарба багытындагы эмес жерлерге жана мүлк салыгынын зоналдык коэффиценти 0,7 өлчөмдөн эсептелүүгө макулдук берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровго тапшырылсын.
Төрага | А.Саматов |