Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII-сессиясы
2024-жылдын 10-cентябры № 218
“ 2111 жана 2121 беренисинен 3111 беренесине акча каражатын жылдырууга макулдук берүү жөнүндө”.
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун маалыматын угуп жана талкуулап,
Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун маалыматы көңүлгө алынсын.
2. 2111 беренеден 1 130 000 (бир миллион бир жүз отуз миң) сом акча каражатын жана 2121 беренеден 110 000(бир жүз он миң ) сом акча каражатын,жалпы 1240 000 (бир миллион эки жүз кырк миң) сомду 3111 беренесине жылдыруу менен иштетүүгө макулдук берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Курбаналиевге милдеттендирилсин жана көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Саматов |