Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII-сессиясы
2024-жылдын 10-cентябры № 219
“Акча каражатын 3112 беренисине жылдыруу менен иштетүүгө макулдук берүү жөнүндө”.
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Курбаналиевдин маалыматын угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Курбаналиевдин маалыматы көңүлгө алынсын.
2. Республикалык бюджеттен айыл чарба багытындагы жер салыгын компенсацялоо үчүн түшкөн 50% дык 139800 (бир жүз отуз тогуз миң сегиз жүз) сомду 3112 беренесине иштетүү үчүн макулдук берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Курбаналиевге милдеттендирилсин жана көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Саматов |