КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
Кең-Арал айылдык кеңешинин VIII - чакырылышынын кезексиз 6-сессиясы
2023-жылдын 3-апрели № 2
Туризм жана эс алуу жайлары үчүн пайдаланууга жер берүү жөнүндө
Кең-Арал айыл аймагында Туризим жана эс алуу жайларын өнүктүрүү боюнча ишкерлердин кайрылуусун талкуулап депутаттардын Кең-Арал айылдык кенешинин VIII - чакырылышынын кезексиз 6-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кең-Арал айыл аймагында балык өстүрүүчүлөрдүн ижара акысы 1 жылга 1 сотых жер аянты 100сом, кийинки жылдардан баштап 500сомдон белгиленсин. Ижарага алган жер аянттары 3жылдык мөөнөт менен берилсин. Эгер ишкер 1 жыл ичинде ишин баштабаса келишим жокко чыгарылып жер айыл өкмөтүнө кайтарылсын.
2. Белгиленген мөөнөттө 3(үч) жыл ичинде ижарачы ошол жерге белгиленген өлчөмдөн тышкары акча каражатын жумшаса, автоматтык түрдө келишимдин негизинде ижарачыга дагы 3 (үч) жылга узартылсын. Ушул эле иш аракет кайталанса (акча каражатын жумшалса) дагы үч жылга келишим узартылсын..
3. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган максаттагы жерлерди пайдалануу укугун алган (Туризим жана эс алуу жайлары) ижарачыдан түшкөн акча каражатын Кең-Арал айыл өкмөтүнүн бюджети аз болуп, жетишпей жаткандыктан, жардам ирээтинде жайыт комитетинин төрагасы С.Султаналиевдин макулдугунун негизинде толугу менен Кең-Арал өкмөтүнүн турак жай бөлүмүнө которулсун.
4. Токмодун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага: | Б.Токонов |