Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 18-ноябры № 693
Калктын социалдык аялуу катмарындагы, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдөгү, ошондой эле Баткен облусунун чек арага жакын райондорунда, Кыргыз Республикасынын жетүүгө кыйын жана бийик тоолуу, алыскы райондорунда жашаган балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоо жөнүндө
Калктын социалдык аялуу катмарындагы, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдөгү, ошондой эле Баткен облусунун чек арага жакын райондорунда, Кыргыз Республикасынын жетүүгө кыйын жана бийик тоолуу, алыскы райондорунда жашаган балдарды мектепке чейинки билим берүү кызматтары менен камтууну көбөйтүү жана мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмине пилоттук апробация жүргүзүү максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28, 47, 50 жана 64-беренелерине, "Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Калктын социалдык аялуу катмарындагы, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдөгү, ошондой эле Баткен облусунун чек арага жакын райондорунда, Кыргыз Республикасынын жетүүгө кыйын жана бийик тоолуу, алыскы райондордо жашаган балдарга берилүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттоо тартиби (мындан ары - Тартип) 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттоону этабы менен киргизүүнү кароо менен 2025-жылдын 1-январынан тартып 2026-жылдын 1-сентябрына чейин пилоттоо мөөнөтү белгилесин:
I этап - 2025-жылдын 1-январынан тартып 2025-жылдын 31-декабрына чейин;
II этап - 2026-жылдын 1-январынан тартып 2026-жылдын 1-сентябрына чейин.
3. Пилоттоо райондорунда иш жүзүндө жашаган жана ушул Тартипте аныкталган балдардын категорияларына кирген 1ден 6 жашка чейинки балдар (мектепке чейинки даярдоо программалары боюнча окуган, мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик, муниципалдык, ведомстволук уюмдарында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын алган, мектептик билимди алган 5-6 жаш курактагы балдарды кошпогондо) пилоттоонун алкагында мектепке чейинки билим берүүгө ваучер алуучулар болуп саналат деп белгиленсин.
4. Калктын социалдык аялуу катмарындагы, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдөгү, ошондой эле Баткен облусунун чек арага жакын райондорунда, Кыргыз Республикасынын жетүүгө кыйын жана бийик тоолуу, алыскы райондорунда жашаган балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттоо райондору жана ваучерлер боюнча квоталар 2-тиркемеге ылайык аныкталсын.
5. Тартипке ылайык мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттоо мезгилине төмөнкүлөр белгиленсин:
1) айына бир балага ваучердин базалык наркынын өлчөмү - 2000 сом;
2) ваучер алуучу балдардын айрым категориялары үчүн ваучердин базалык наркына жогорулатуучу коэффициенттер:
- майыптыгы бар балдар үчүн - 2,28;
- жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн - 1,55;
- Баткен облусунун чек арага жакын райондорунда, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы райондорунда жашагандар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген аймактык коэффициенттер;
3) бүткүл республика боюнча мектепке чейинки билим берүү кызматтарына 1000 (бир миң) ваучер.
6. Төмөнкүлөргө байланышкан чыгымдар белгиленсин:
1) Баткен облусунун чек арага жакын райондорунда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын ваучердик каржылоону ишке ашыруу, ошондой эле ваучер алуучу балдардын тамактануусу үчүн акы төлөөгө жеңилдиктерди берүү үчүн төлөмдөр Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине 2025-2026-жылдарга каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт;
2) Бишкек шаарынын мектепке чейинки билим берүү кызматтарын ваучердик каржылоону ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине 2025-2026-жылдарга каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт;
3) калктын социалдык аялуу катмарындагы, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдөгү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жетүүгө кыйын жана бийик тоолуу, алыскы райондорунда жашаган ваучер алуучу балдардын тамактануусу үчүн акы төлөөгө жеңилдиктерди төлөө жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылат.
7. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2024-жылдын 1-декабрынан кечиктирилбеген мөөнөттө:
1) юридикалык жактар жана жеке адамдар (жеке ишкерлер) тарабынан билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды кабарлоо процесстерин автоматташтыруу жана интеграциялоо менен биргеликте Тартипке ылайык мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин ишке киргизүүнү камсыз кылуучу "Балалык" комплекстүү маалыматтык системасын (Мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөтүүчү жактардын реестрин) иштеп чыгуу боюнча чараларды тездетсин;
2) "Балалык" комплекстүү маалыматтык системасы жөнүндө убактылуу жобону иштеп чыксын жана бекитсин;
3) Тартипке ылайык ваучер алуучу балдардын категорияларына кирген балдар жөнүндө маалыматтарды алуу бөлүгүндө жогоруда аталган маалыматтык системаны башка министрликтердин жана ведомстволордун маалыматтар базасынын системасы менен интеграциялоону жүргүзсүн;
4) мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробация өткөрүү жөнүндө калк арасында маалыматтык иштерди жүргүзсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте:
1) мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүнү каржылоонун ваучердик механизмин апробациялоону пилоттук райондордо баштоо менен, алардын тейлөө аймагында билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү билим берүү уюмдары жана жеке адамдар (жеке ишкерлер) жайгашкан баштапкы медициналык-санитардык жардамды көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары тарабынан Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында профилактикалык медициналык жардамды уюштуруунун тартибин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыксын жана киргизсин;
2) пилоттоо райондорундагы аймактык саламаттык сактоо уюму менен мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүнү берүүчүлөрдүн ортосунда баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматтарын көрсөтүүнүн типтүү келишимин 2024-жылдын 30-ноябрына чейинки мөөнөттө иштеп чыксын.
9. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ушул токтомго ылайык Тартипке ылайык ваучер алуучу балдардын категориясына кирген турмуштук оор кырдаалда турган балдарды аныктоону камсыз кылсын жана маалыматтарды берсин, ошондой эле ваучер алууга өтүнмөлөрдү берүүдө балдардын ата-энелерине/мыйзамдуу өкүлдөрүнө көмөк көрсөтсүн.
10. Пилоттоо райондорундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына калктын социалдык аялуу катмарындагы, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдөгү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жетүүгө кыйын жана бийик тоолуу, алыскы райондорунда жашаган балдардын тамактануусу үчүн акы төлөөгө жеңилдиктерди берүү үчүн жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын алкагында Тартипке ылайык белгиленген өлчөмдө төлөмдөрдү жүргүзүү сунушталсын.
11. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана бекитсин:
- Тартиптин талаптарына ылайык мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттоо жөнүндө келишимди (ачык оферта формасында);
- мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин этабы менен киргизүү иш-чараларынын планын;
2) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13, 17-беренелеринин талаптарын сактоо менен ваучер алуучу балдарга көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарына мониторинг жүргүзүү жана сапатын баалоо механизмин иштеп чыксын;
3) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте 2026-жылдын 1-октябрына карата ваучердик механизмди пилоттоонун натыйжаларын жалпыласын жана долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыктарына баалоо жүргүзсүн, Кыргыз Республикасынын бардык региондорунда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин андан ары киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизсин.
12. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттоого көмөк көрсөтсүн жана ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
13. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
14. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 90 (3644) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Калктын социалдык аялуу катмарындагы, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдөгү, ошондой эле Баткен облусунун чек арага жакын райондорунда, Кыргыз Республикасынын жетүүгө кыйын жана бийик тоолуу, алыскы райондорунда жашаган балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттоо райондору жана ваучер боюнча КВОТАЛАР
№ | Пилоттоо райондору | Ваучер боюнча квоталар |
Баткен облусу | 100 | |
1 | Баткен району | |
2 | Лейлек району | |
3 | Кадамжай району | |
Жалал-Абад облусу | 100 | |
4 | Токтогул району | |
5 | Чаткал району | |
6 | Ала-Бука району | |
7 | Ноокен району | |
8 | Сузак району | |
Ысык-Көл облусу | 100 | |
9 | Жети-Өгүз району | |
10 | Түп району | |
11 | Ак-Суу району | |
12 | Ысык-Көл району | |
13 | Тоң району | |
Нарын облусу | 100 | |
14 | Жумгал району | |
15 | Кочкор району | |
16 | Ат-Башы району | |
17 | Ак-Талаа району | |
18 | Нарын шаары | |
Ош облусу | 100 | |
23 | Алай району | |
24 | Кара-Суу району | |
25 | Ноокат району | |
26 | Кара-Кулжа району | |
27 | Өзгөн району | |
Талас облусу | 10 | |
28 | Талас шаары | |
Чүй облусу | 200 | |
29 | Жайыл району | |
30 | Аламүдүн району | |
31 | Ысык-Ата району | |
32 | Сокулук району | |
33 | Москва району | |
Бишкек шаары | 200 | |
34 | Биринчи май району | |
35 | Свердлов району | |
36 | Октябрь району | |
37 | Ленин району | |
Ош шаары | 90 | |
Бардыгы: | 1000 | |