Редакцияот 03.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

 

Кең-Арал айылдык кеңешинин VIII - чакырылышынын кезексиз  6-сессиясы

 

 

2023-жылдын 3-апрели № 4

 

Жер тилкелери жөнүндө

 

Кең-Арал  айыл өкмөтүнө караштуу мекеме жетекчилери Т.Алымкулов  атындагы балдар бакчасынын директору К.Кузебаева, А.Арыстанов орто мектебинин директору З.Бекебаева, машыгуу залынын тренери Ызак уулу Исламдын кайрылуусун талкуулап депутаттардын Кең-Арал айылдык кенешинин VIII - чакырылышынын кезексиз 6-сессиясы

       

                                                           ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

1. А.Арыстанов орто мектебине №281 жер тилкесинен 1,0 га жана № 214 жер тилкесинен 0,37 га жер аянтын убактылуу мекеменин муктаждыктарына колдонуу үчүн  бөлүнүп берилсин.  

2. Т.Алымкулов атындагы балдар бакчасына №281 жер тилкесинен 1,0 га жер аянтын убактылуу мекеменин муктаждыктарына колдонуу үчүн  бөлүнүп берилсин.

3. И.Тыналиев атындагы машыгуу залына № 214 жер тилкесинен 0,6 га жер аянтын убактылуу мекеменин муктаждыктарына колдонуу үчүн  бөлүнүп берилсин.

4. Токтомдун талаптарын аткаруу жагы Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы      Ч.Алымкуловго милдеттендирилсин.

 

Төрага  

Б.Токонов