Редакцияот 30.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

 

Кең-Арал айылдык кеңешинин VIII - чакырылышынын кезексиз  11-сессиясы

 

 

2023-жылдын 30-июну № 1

 

Кең-Арал айыл өкмөтүнүн 2024-2025-2026 жылдарга

түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоору жөнүндө

 

Кең-Арал айыл өкмөтүнүн 2024-2026 жылдарга түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолдуу кароо боюнча жергиликтүү маселени карап чыгып, талкуулап депутаттардын Кең-Арал айыл кеңешининVIII-чакырылышынын кезексиз 11-сессиясы токтом кылат:

 

         1. 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоорунун киреше бөлүгү 8706,2 миң сом менен чыгаша бөлүгү  8706,2 миң сом менен сунушталсын

        2. 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору киреше бөлүгү  9448,5 миң сом менен чыгаша бөлүгү  9448,5 миң сом менен сунушталсын.

        3.2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору киреше бөлүгү  9836,5 миң сом менен чыгаша бөлүгү  9836,5  миң сом менен сунушталсын.

       4.Долбоор баштапкы вариант катары Кыргыз Республикасынын каржы Министрлигине сунушталсын.

       5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алымкуловго жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                 Б.Токонов