КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
Кең-Арал айылдык кеңешинин VIII - чакырылышынын кезексиз 12-сессиясы
2023-жылдын 5-июлу № 1
Кең-Арал айыл өкмөтүнүн 2024-2025-2026 жылдарга
түзүлгөн бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн болжолдуу долбоору жөнүндө
Кең-Арал айыл өкмөтүнүн 2024-2026 жылдарга түзүлгөн бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн болжолдуу кароо боюнча жергиликтүү маселени карап чыгып, талкуулап депутаттардын Кең-Арал айыл кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 12-сессиясы токтом кылат:
1. 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоорунун чыгаша бөлүгү 9459,7 миң сом менен сунушталсын
2. 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору чыгаша бөлүгү 9743,5 миң сом менен сунушталсын.
3.2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору чыгаша бөлүгү 10035,7 миң сом менен сунушталсын.
4.Долбоор баштапкы вариант катары Кыргыз Республикасынын каржы Министрлигине сунушталсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алымкуловго жүктөлсүн.
Төрага Б.Токонов