Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-ноябрындагы № 693 токтомуна) |
Калктын социалдык аялуу катмарындагы, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдөгү, ошондой эле Баткен облусунун чек арага жакын райондорунда, Кыргыз Республикасынын жетүүгө кыйын жана бийик тоолуу, алыскы райондорунда жашаган балдарга берилүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттоо тартиби
1-бөлүм. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип мектепке чейинки билим берүү кызматтарына ваучер алуучулардын - балдардын, кызмат көрсөтүүлөрүнө ваучер менен акы төлөнүшү мүмкүн болгон мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүчүлөрдүн категорияларын, ваучердин базалык наркын жана жогорулатуучу коэффициенттерди эсептөөнү, ваучер алуучу балдардын тамактануусу үчүн акы төлөө боюнча жеңилдиктерди берүүнүн жана ваучердик каржылоонун тартибин жана механизмин, мектепке чейинки билим берүү кызматтарынын сапатына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун тартибин аныктайт.
2. Бул Пилоттоо тартибинин максаты калктын социалдык аялуу катмарындагы, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдөгү, ошондой эле Баткен облусунун чек арага жакын райондорунда, Кыргыз Республикасынын жетүүгө кыйын жана бийик тоолуу, алыскы райондорунда жашаган балдардын мектепке чейинки билим алууга жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн ваучердик каржылоо механизмин апробациялоо болуп саналат.
3. Ушул Пилоттоо тартибинин алкагында төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
1) "Балалык" маалыматтык системасы - юридикалык жактар жана жеке адамдар (жеке ишкерлер) тарабынан билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоо процесстерин автоматташтыруу жана интеграциялоо менен бирдикте (Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү жактардын реестри) Пилоттоо тартибине ылайык мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин камсыз кылуучу комплекстүү маалыматтык система;
2) ваучердин базалык наркы - пилоттоонун алкагында тамактанууга акы төлөө боюнча жеңилдиктерди жана жогорулатуучу коэффициенттерди эсепке албаганда, билим берүү компонентине багытталган мектепке чейинки билим берүү кызматын алган бир балага айына, анын ичинде окуу материалдарына кеткен чыгымдар;
3) ваучер - пилоттоонун алкагында мамлекетке бюджеттик каражаттардан ченемдик каржылоонун негизинде мектепке чейинки билим берүү кызматтарына акы төлөөнү накталай эмес формада жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берүүчү уникалдуу жекелештирилген коду бар финансылык инструмент;
4) ваучердик каржылоо механизми - пилоттоонун алкагында мамлекеттик каржылоо методу, мында республикалык бюджетте каралган бюджеттик каражаттар мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөтүүчүлөр тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды алуучу балдардын артынан ээрчип жүрөт;
5) мектепке чейинки билим берүү кызматтары жөнүндө келишим - кызмат көрсөтүүчү - пилоттоонун катышуучусу менен ваучер алуучу баланын ата-энесинин/мыйзамдуу өкүлдөрүнүн ортосунда түзүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим, ал пилоттоо келишимине тиркеме болуп саналат;
6) пилоттоо келишими - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (мындан ары - БИМ) ваучер алуучу балдардын ата-энелери/мыйзамдуу өкүлдөрү, кызмат көрсөтүүчү - пилоттоонун катышуучусу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары - ЖӨБО) менен түзүлгөн ваучердик каржылоо механизмин колдонууда келишимдин тараптарынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин белгилеген ачык оферта түрүндөгү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттоо жөнүндө келишим;
7) социалдык маселелер боюнча комиссия - ЖӨБОнун алдында иштеген жана өз ишин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-майындагы № 264 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобо менен аныкталган тартипте жүзөгө ашырган социалдык маселелер боюнча комиссия;
8) пилоттоо - калктын социалдык аялуу катмарындагы, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдөгү, ошондой эле Баткен облусунун чек арага жакын райондорунда, Кыргыз Республикасынын жетүүгө кыйын жана бийик тоолуу, алыскы райондорунда жашаган балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмдерин колдонууну апробациялоо;
9) ваучер алуучу балдар - Социалдык маселелер боюнча комиссиянын чечимине ылайык ушул Пилоттоо тартибинин 2-бөлүмүндө белгиленген балдардын категориясына кирген балдар;
10) кызмат көрсөтүүчүлөр - пилоттоонун катышуучулары - ушул Тартиптин 4-бөлүмүндө белгиленген критерийлерге жооп берген ваучер алуучу балдарга мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү жеке менчик формасындагы юридикалык жактар жана жеке адамдар (жеке ишкерлер);
11) пилоттоо райондору - мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө каржылоонун ваучердик механизмин апробациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган райондор.
2-глава. Мектепке чейинки билим берүүгө ваучер алуучулар
4. Иш жүзүндө пилоттоо райондорунда жашаган жана балдардын төмөнкү категорияларына кирген 1 жаштан 6 жашка чейинки балдар (мектепке чейинки даярдоо программалары боюнча окуган 5-6 жаштагы балдарды, ошондой эле мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик, муниципалдык, ведомстволук уюмдарында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын алган балдарды, ошондой эле мектепте билим алган балдарды кошпогондо) пилоттоонун алкагында мектепке чейинки билим берүү кызматтарына ваучер алуучулар болуп саналат:
1) 18 жашка чейинки 5 (беш) жана андан ашык балдары бар көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары, анын ичинде асырап алынган балдар;
2) жеке ассистенттин кызматын албаган майыптыгы бар балдар;
3) ата-энеси (мыйзамдуу өкүлдөрү) I же II топтогу майып жана ал майыптыгы боюнча ай сайын социалдык жөлөк пул алган балдар;
4) жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары;
5) аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары;
6) Иш жүзүндө Баткен облусунун чек арага жакын райондорунда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жетүүгө кыйын жана бийик тоолуу, алыскы райондорунда жашаган жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары.
5. Жакыр же аз камсыз болгон үй-бүлөнүн статусун аныктоонун тартиби "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтому менен бекитилген "16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) "үй-бүлөгө көмөк" - ай сайын жөлөкпул алууга жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) муктаждыгын аныктоо тартиби жөнүндө жобого" ылайык аныкталат.
6. Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы региондорунун тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна ылайык аныкталат.
7. Баткен облусунун чек арага жакын райондорунун тизмеси "Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аныкталат.
8. Ваучер алуучунун статусун таануу үчүн ушул Тартиптин 4-пунктунда сүрөттөлгөн бир же бир нече категорияга кирген жана иш жүзүндө пилоттоо райондорунун биринде жашаган баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлү ваучер алуу үчүн ЖӨБОнун дарегине электрондук форматта арыз берет. Арыз берилген арыздын датасы, ата-энелер, балдар жөнүндө маалыматтарды, ваучердин потенциалдуу алуучусу болгон баланын кайсы категорияга кирери жөнүндө белгини, баланын иш жүзүндө жашаган жеринин дарегин жана башка маалыматтарды камтылууга тийиш.
9. Арызды кароонун тартиби ушул Тартиптин 3-главасында каралган. Ваучерлерди алууга арыздар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен белгиленген пилоттоо мөөнөтүнүн ичинде жарактуу болуп саналат.
10. Ваучер алуучу деп таанылган баланын ата-энеси "Балалык" маалымат системасында (мындан ары - "Балалык" МС) электрондук форматта кызмат көрсөтүүчүлөр - пилоттоонун катышуучулары менен Пилоттоо келишимин жана Мектепке чейинки билим берүү кызматтары жөнүндө келишим түзүшөт. Кызмат көрсөтүүчүнү - пилоттоонун катышуучусун тандоо ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр тарабынан өз каалоосу боюнча жүзөгө ашырылат. Ваучер боюнча төлөө тартиби ушул Тартиптин 7-главасы менен жөнгө салынат.
11. Ата-энелерге/мыйзамдуу өкүлдөргө көмөк көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын аймактык бөлүмдөрү жана ЖӨБО турмуштук оор кырдаалда турган, ушул Тартиптин 4-пунктунда сүрөттөлгөн категорияларга кирген балдарды табуу боюнча маалыматтарды берет жана иш жүргүзөт жана ваучер алууга арызды толтурууда, Пилоттоо келишимин түзүүдө, пилоттоонун катышуучуларын - кызмат көрсөтүүчүлөрдү тандоодо, мектепке чейинки билим берүү кызматтары жөнүндө келишим түзүүдө жана ваучер алуу менен байланышкан башка жол-жоболордон өтүүдө алардын ата-энелерине/мыйзамдуу өкүлдөрүнө көмөк көрсөтөт.
3-глава. Мектепке чейинки билим берүүгө ваучер алуучунун статусун берүү маселеси боюнча чечим кабыл алуунун тартиби
12. Ата-энелердин/мыйзамдуу өкүлдөрдүн ваучер алууга арыздары электрондук форматта берилет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-майындагы № 264 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссия жөнүндө типтүү жободо аныкталган тартипте Социалдык маселелер боюнча комиссия тарабынан каралат.
13. Социалдык маселелер боюнча комиссия ата-энелердин/мыйзамдуу өкүлдөрдүн атынан ваучерлерди алууга арыздарды кароо боюнча жыйналыштарды айына 1 (бир) жолудан кем эмес, 15инен кечиктирбестен өткөрөт. Комиссия колдо болгон документтерге, фактыларга жана маалыматтарга, ошондой эле социалдык аялуу топтордогу балдарды эсепке алуу боюнча мамлекеттик маалымат системасынын маалыматтарына негизденип, ушул Тартиптин 4-пунктунда саналып өткөн категорияларга ылайык баланын ваучерди алууга укуктуулугун тастыктайт.
14. Социалдык маселелер боюнча комиссиянын жыйналыштары оффлайн (жеке катышуу форматында) же онлайн (электрондук форматта) өткөрүлөт. Ваучерди алууга арыз боюнча добуш берүү электрондук форматта булуттук электрондук кол тамганы (БЭК) колдонуу аркылуу жүргүзүлөт.
15. Комиссиянын чечими жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат, "Балалык" МСте электрондук форматта протокол (корутундуну камтыган) менен таризделет, Комиссиянын төрагасы тарабынан булуттук электрондук кол тамганы (БЭК) колдонуу менен кол коюлат жана расмий электрондук кат менен БИМге жөнөтүлөт.
16. Комиссиянын чечими БИМ ээси болуп саналган "Балалык" МСтеги ваучерди алуучунун уникалдуу жекелештирилген кодун көрсөтүү менен балага ваучер ыйгаруу үчүн негиз болуп эсептелет.
17. "Балалык" МСтин жобосуна ылайык техникалык коргоо чараларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү (оператор) ваучердин уникалдуу жекелештирилген кодун ыйгарууну администрациялоо үчүн жоопкерчилик тартат.
18. Ваучерди алууга кезек тиешелүү пилоттоо районунда ваучерди алууга арыз берилген дата боюнча "Балалык" МСте автоматтык түрдө (реалдуу убакыт режиминде) түзүлөт жана ата-эненин/мыйзамдуу өкүлдүн жеке кабинетинде чагылдырылат.
19. Балага ваучер алуучунун статусун ыйгаруу боюнча келип чыккан маселелер боюнча ата-энелердин/мыйзамдуу өкүлдөрдүн даттанууларын кароо шаарлардын мэрияларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын алдындагы Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө жөнүндө жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча комиссияларга жүктөлөт.
20. Социалдык маселелер боюнча комиссиянын чечимдери сот тартибинде же болбосо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтому менен бекитилген Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаар мэрияларынын алдындагы Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө жана төлөө жөнүндө жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча комиссия тууралуу жобого ылайык аракеттенген жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана шаарлардын мэрияларынын алдындагы Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө жана төлөө жөнүндө жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча комиссияга даттанылышы мүмкүн.
4-глава. Мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөтүүчүлөр - пилоттоонун катышуучулары
21. Пилоттоонун алкагында мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөтүүчүлөр болуп мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөтүүчү жеке менчик формасындагы юридикалык жактар жана жеке жактар (жеке ишкерлер) эсептелет.
22. Пилоттоого катышуу үчүн кызмат көрсөтүүлөр электрондук форматта "Балалык" МСте ваучердик каржылоо механизмин пилоттоого катышуу жөнүндө арызды толтурууга жана төмөнкүлөрдүн бар экендигин тастыктоого тийиш:
1) "Балалык" МСте электрондук форматта мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө кабарлоо;
2) кызмат көрсөтүүчүнүн "Балалык" МСте толтурулган иштөө режими, окутуунун тили, мектепке чейинки билим берүү кызматын алган балдардын саны жана тиешелүү маалымкаттары бар тарбиячылардын саны жөнүндө маалыматты камтыган санариптик профили;
3) жеке ишкер же юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк;
4) турак эмес жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү адамдар үчүн санитардык ченемдерди жана эрежелерди сактоо жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык экспертизанын корутундусу же турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн адамдар үчүн минималдуу санитардык талаптарды сактоо жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык изилдөөнүн акты;
5) өрт коопсуздугунун эрежелерин жана талаптарын сактоо жөнүндө корутунду;
6) Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында (саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген форма боюнча) баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматтарын көрсөтүүгө аймактык саламаттык сактоо уюму менен түзүлгөн келишим.
23. Жогоруда көрсөтүлгөн документтердин бар экендиги "Балалык" МСте электрондук форматта тастыкталат. Ушул пунктта саналган документтердин жана маалыматтардын бар экендигин тастыктаган кызмат көрсөтүүчү автоматтык түрдө "Балалык" МСте пилоттоонун катышуучусу статусун алат.
24. Кызмат көрсөтүүчү ушул Тартипке ылайык мектепке чейинки билим берүү кызматтары үчүн акы алуу үчүн ваучер алуучу баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлү менен Пилоттоо жөнүндө келишим жана Мектепке чейинки билим берүү кызматтары жөнүндө келишим түзүүгө тийиш.
25. Пилоттоонун катышуучуларынын санын көбөйтүү максатында БИМ жана анын аймактык бөлүмдөрү мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө ваучердик каржылоо механизмин пилоттоо жөнүндө маалыматты жайылтууга, мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүчүлөргө пилоттоого катышуу үчүн жол-жоболордон өтүүгө көмөк көрсөтүшөт.
26. Ваучер алуучу баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлдөрү менен мектепке чейинки билим берүү кызматтары жөнүндө келишим төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
1) келишимдин колдонуу мөөнөтү бүткөндө;
2) кызмат көрсөтүүчүнүн иши токтотулганда;
3) баланын мектепке даярдоо программаларына баруусу;
4) баланын мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик, муниципалдык, ведомстволук уюмдарында мектепке чейинки билим берүү кызматын алуусу;
5) баланын мектепте билим алышы;
6) ата-энелик укуктардан ажыратылса же ата-энелик укуктар чектелсе, көзөмөлдүк же камкорчулук укугу токтотулса;
7) эгерде бала мектепке чейинки билим берүү кызматтарын алууда дене-бой жана (же) психикалык зомбулукка, ошондой эле зомбулуктун башка түрлөрүнө дуушар болсо;
8) бала каза болсо;
9) бала пилоттоо райондорунун чегинен тышкары жаңы жерге келсе жана/же иш жүзүндө жашаса;
10) ваучер алуучу баланын ата-энесинин/мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жана кызмат көрсөтүүчүнүн ортосунда Мектепке чейинки билим берүү кызматтары жөнүндө келишимдин шарттары сакталбаса;
11) ваучер алуучу баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлдөрү ваучерден ыктыярдуу баш тартса.
27. Жаңы келген жана/же иш жүзүндө жашаган жери боюнча ваучер алуучу баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлдөрү менен Мектепке чейинки билим берүү кызматтары жөнүндө жаңы келишимди түзүү ушул Тартипке ылайык жүргүзүлөт.
5-глава. Пилоттоонун алкагында ваучердин наркы
28. Бир ваучердин базалык наркынын өлчөмү айына 2000 (эки миң) сомду түзөт. Ваучерлерди алуучу балдардын айрым категориялары үчүн төмөнкүдөй жогорулатуучу коэффициенттер белгиленет:
1) майыптыгы бар балдар үчүн - 2,28;
2) жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн - 1,55;
3) Баткен облусунун чек арага жакын райондорунда, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы райондорунда жашагандар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген аймактык коэффициенттер.
29. Кызмат көрсөтүүчү тарабынан берилүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарынын наркы ваучердин наркынан ашып кеткен учурда, ашып кеткен наркты төлөө боюнча жоопкерчилик ваучер алуучу баланын ата-энесине/мыйзамдуу өкүлүнө жүктөлөт.
30. Пилоттоонун алкагында ЖӨБО ушул Тартиптин 4-пунктунда аныкталган ваучер алуучу балдарга жана ушул Тартиптин 21-пунктунда аныкталган критерийлерге жооп берген кызмат көрсөтүүчүлөрдөн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын алуучуларга тамактануу үчүн акы төлөө боюнча жеңилдиктерди берет.
31. Тамактануу үчүн акы төлөө боюнча жеңилдиктин өлчөмү бир балага күнүнө 36 сомдон кем эмес, бул айына 756 сомду (36 сом х 21 күн) түзөт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен көбөйтүлүшү мүмкүн.
6-глава. Ваучерлерге багытталган каражаттарды каржылоо
32. Ваучерлерди төлөөгө багытталган каражаттарды каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт. Ваучерлерди төлөө үчүн зарыл болгон финансылык жылга республикалык бюджеттин чыгымдарынын көлөмү квотага жараша БИМ тарабынан төмөнкүдөй тартипте аныкталат:
ЧК = ВАС х ВБН х К1 х Асан + ВАС х ВБН х К2 х Асан + ВАС х ВБН х К3 х Асан,
мында:
ЧК - финансылык жылга республикалык бюджеттин чыгымдарынын көлөмү;
ВАС - тиешелүү категориядагы ваучер алуучулардын саны;
ВБН - айына бир балага мектепке чейинки билим берүү кызматтарынын ваучеринин базалык наркы;
К1 - жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн жогорулатуучу коэффициент;
К2 - жеке ассистент кызматтарын албаган, майыптыгы бар балдар үчүн жогорулатуучу коэффициент;
К3 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна ылайык тиешелүү аймактар үчүн райондук коэффициент өлчөмүндө бийик тоолуу жана алыскы жерлердин жогорулатуучу коэффициенти;
Асан - бир жылдагы айлардын иш жүзүндөгү саны.
33. Ваучер алуучу бала балдардын бир нече категориясына кирген учурларда бир кыйла чоң мааниге ээ бир гана жогорулатуучу коэффициент колдонулат, башка категориялар боюнча жогорулатуучу коэффициенттер нөлгө барабар болот.
34. БИМ жана Бишкек шаарынын райондук билим берүү башкармалыктары ваучерди каржылоого каражаттарды белгиленген тартипте казыналык жол-жоболорго ылайык бюджеттик милдеттенме түрүндө ушул Тартиптин 7-главасына ылайык түзүлгөн келишимдер берилгенден кийин 2 жумуш күндөн кечиктирбестен "Билим берүү системасында бирдиктүү берене менен берилген чыгымдар" экономикалык классификациясынын 2219-беренеси боюнча белгиленген чыгымдар сметасынын алкагында тааныйт.
35. Кассалык чыгымдар төмөнкүдөй элементтер боюнча жүргүзүлөт:
- 22192100 "Мектепке чейинки билим берүү кызматтары системасында бирдиктүү берене менен берилген чыгымдар (ваучер)" - менчигинин түрүнө карабастан мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүчүлөрүнө ваучерди төлөө;
- 22192200 "Мектепке чейинки билим берүү кызматтары системасында бирдиктүү берене менен берилген чыгымдар (тамактануу боюнча жеңилдиктер)" - Баткен облусун кошпогондо, ваучер алуучу балдардын тамактануусуна жеңилдиктерди жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөө.
36. Ваучерлерди төлөөгө бюджеттик милдеттенменин суммасын эсептөө финансылык жылдын аягына чейин калган айлардын санына көбөйтүлгөн ваучер алуучу балдардын конкреттүү категориясы үчүн ваучердин ар бир айдагы наркын эсептөөдөн пилоттоонун биринчи жылындагы ваучердин уникалдуу жекелештирилген кодун көрсөтүү менен жүргүзүлөт. Кийинки жылдары бюджеттик милдеттенменин суммасы толук финансылык жылга, башкача айтканда 12 айга эсептелет.
37. Квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 10унан кечиктирбестен БИМ, Бишкек шаарынын райондук билим берүү башкармалыктары жана кызмат көрсөтүүчүлөр ваучерлерге багытталган каржылоо көлөмүн салыштырат. Ашыкча төлөнгөн жана (же) жетишсиз каржыланган учурларда каржылоонун көлөмдөрү кайра эсептелет жана кайра бөлүштүрүлөт.
38. "Бюджеттик каражаттар боюнча бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат" 2-формасы актуалдуу датага карата "Казына. Бюджет" автоматташтырылган маалыматтык системасында (мындан ары - АМС) чагылдырылат жана ваучердик механизмди пилоттоонун жүрүшү жөнүндө дезагрегацияланган маалыматтарды талдоо үчүн "Балалык" МСга берилет.
39. Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоону каржылоо булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) БИМдин төмөнкүлөргө каралган каражаттарынын чегинде республикалык бюджеттин каражаттары:
- ваучердин наркын каржылоого;
- Баткен облусунун чек арага жакын райондорунда иш жүзүндө жашаган балдардын тамактануусу үчүн акы төлөө боюнча жеңилдиктерди берүүгө;
- Бишкек шаарында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын ваучердик каржылоону ишке ашырууга;
2) жергиликтүү кеңештердин чечиминин негизинде жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жараша тамактануу үчүн акы төлөө боюнча жеңилдиктерди берүүгө жергиликтүү бюджеттин каражаттары. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен теңөөчү гранттарды алган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Тартиптин 27-пунктуна ылайык тамактанууга жеңилдиктерди төлөө үчүн каражаттарды кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен каржылоону жүзөгө ашыра алат.
7-глава. Пилоттоонун алкагында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизми
40. Пилоттоонун алкагында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизми ушул Тартип жана Пилоттоо келишими менен аныкталат.
41. Пилоттоо келишими БИМ тарабынан электрондук форматта "Балалык" МСга ачык оферта түрүндө жайгаштырылат. Бишкек шаары үчүн Пилоттоо келишими Бишкек шаарынын райондук билим берүү башкармалыктары тарабынан жайгаштырылат.
42. Пилоттоо келишимине ваучер алуучу баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлдөрү, кызмат көрсөтүүчүлөр, ЖӨБО кошулат (акцептелет).
43. Пилоттоонун алкагында ваучер алуучу баланын мектепке чейинки билим берүү кызматтарына акы төлөө жана тамактанууга акы төлөө укугу төмөнкүдөй шарттарды сактоо менен пайда болот:
1) Социалдык маселелер боюнча комиссия тарабынан балага ваучер алуучунун статусун ыйгаруу жөнүндө чечимдин (корутундусу менен протокол) чыгарылышы;
2) ваучер алуучу баланын уникалдуу жекелештирилген кодун көрсөтүү менен ваучерди ыйгаруу;
3) ваучер алуучу баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлү тарабынан Пилоттоо келишиминин түзүлүшү (акцепт);
4) ваучер алуучу баланын ата-энесинин/мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жана кызмат көрсөтүүчүнүн ортосунда Мектепке чейинки билим берүү кызматтары жөнүндө келишимди түзүү.
44. Ваучер алуучу бала Пилоттоо келишими жана Кызматтарды берүү жөнүндө келишим түзүлгөн датадан кийинки айдын 1инен баштап пилоттоонун алкагында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын алууга укуктуу.
45. Ваучер алуучу балага берилген мектепке чейинки билим берүү кызматтары үчүн ваучерге акы алуу жана бул баланын тамактануусу үчүн акы төлөө боюнча жеңилдиктерди алууга кызмат көрсөтүүчүнүн укугу төмөнкүдөй шарттар сакталган учурда пайда болот:
1) Пилоттоо келишимин түзүү (акцепт);
2) алуучунун тиешелүү уникалдуу жекелештирилген кодун көрсөтүү менен ваучер алуучу баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлдөрү менен Мектепке чейинки билим берүү кызматтары жөнүндө келишимди түзүү;
3) жеке жактар (жеке ишкерлер) үчүн: кол коюлган Кызматтарды берүү жөнүндө акт, баланын катышуу табели;
4) жеке менчик формасындагы юридикалык жактар үчүн: кол коюлган Кызматтарды берүү жөнүндө акт, баланын катышуу табели, электрондук эсеп-фактура.
46. Кызматтарды берүү жөнүндө акт:
1) баланын катышуусунун электрондук табелинин негизинде электрондук форматта автоматтык түрдө түзүлөт;
2) кызмат көрсөтүүчүнүн маалыматтарын, уникалдуу жекелештирилген кодду көрсөтүү менен ваучер алуучу баланын маалыматтарын, кызматтарды берүү мезгилин, ваучердин наркын жана жүйөлүү себептер боюнча жана жүйөлүү себептерсиз келген күндөрдүн саны/келбей калган күндөрдүн саны жөнүндө маалыматты камтыйт;
3) кызмат көрсөтүүчү жана ваучер алуучу баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлдөрү булут электрондук кол тамганы (БЭК) колдонуу менен ага кол коет;
4) ваучер алуучу бала иш жүзүндө катышкан мезгилден кийинки айдын 1инен кечиктирбестен "Балалык" МСга ай сайын жарыяланат.
47. Баланын катышуусунун табели:
1) кызмат көрсөтүүчү тарабынан күн сайын электрондук форматта жүргүзүлөт;
2) баланын келген күндөрүнүн санын/жүйөлүү жана жүйөлүү себепсиз келбеген күндөрдүн санын белгилейт;
3) күн сайын электрондук форматта ата-эне/мыйзамдуу өкүлдөр тарабынан ырасталат.
48. Ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 1инчи иш күнүнөн кечиктирбестен кызмат көрсөтүүчү электрондук кол тамга коюлган төмөнкүлөрдү "Балалык" МСга жарыялайт:
1) Отчеттук мезгил ичинде кызматтарды берүү жөнүндө акт;
2) отчеттук мезгилде баланын катышуусунун табели.
Кызмат көрсөтүүчү болуп саналган жеке менчик формасындагы юридикалык жактар жогоруда көрсөтүлгөн документтерге кошумча ай сайын белгиленген формадагы электрондук эсеп-фактураны берет.
49. Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун өкүлдөрү "Балалык" МСнын жобосу менен аныкталган жеткиликтүүлүктүн адистештирилген деңгээлиндеги пайдалануучулар катары жогоруда көрсөтүлгөн документтерди кароого жана алардын аныктыгын текшерүүгө мүмкүнчүлүк алат.
50. Ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 5инен кечиктирбестен БИМ, Бишкек шаарынын райондук билим берүү башкармалыктары жана ЖӨБО тарабынан төмөнкүлөрдүн негизинде "Казына. Бюджет" АМСте ваучерди төлөө жөнүндө жана тамактануу үчүн жеңилдиктерди төлөө тууралуу төлөм тапшырмалары түзүлөт:
1) алуучунун тиешелүү уникалдуу жекелештирилген кодун көрсөтүү менен ваучер алуучу баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлдөрү менен Мектепке чейинки билим берүү кызматтары жөнүндө түзүлгөн келишим;
2) жеке жактар (жеке ишкерлер) үчүн: кол коюлган Кызматтарды берүү жөнүндө акт, баланын катышуусунун табели;
3) жеке менчик формасындагы юридикалык жактар үчүн: кол коюлган Кызматтарды берүү жөнүндө акт, баланын катышуусунун табели, электрондук эсеп-фактура.
51. Кызмат көрсөтүүчүлөргө - пилоттоонун катышуучуларына ваучерди толук төлөө төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт:
1) бала 100% катышса;
2) бала жүйөлүү себептерсиз календардык айдын ичинде бир күндөн үч күнгө чейин келбесе;
3) оорусу боюнча бала катышпай калса (маалымкат бергенде);
4) бала өзгөчө кырдаалдар жана/же өзгөчө абал учурунда келбей калса.
52. Ата-энесинин/мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өргүүсү учурунда бала жылына 60 (алтымыш) күндөн ашык эмес жок болгон учурда (ата-энесинин биринин же мыйзамдуу өкүлүнүн жазуу жүзүндөгү арызы берилгенде) ваучерге акы төлөнбөйт, ошол эле учурда ваучер балада сакталат.
53. 45-пунктта белгиленбеген себептер боюнча келбеген күндөр үчүн ваучер төлөнбөйт.
54. Ваучер алуучу баланын тамактануусуна жеңилдиктерди төлөө ваучер алуучу баланын катышуусунун табели менен ырасталган иш жүзүндө катышкан күндөрү үчүн төлөнөт.
55. 44-пунктта көрсөтүлгөн мөөнөттөргө ылайык "Балалык" МСга Кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жөнүндө акт жана катышуунун табели өз убагында берилбеген учурда ваучерге акы жана тамактануу үчүн жеңилдиктерге акы төлөнбөйт. Акы төлөө ушул Тартиптин 41-пунктуна ылайык зарыл болгон документтер берилгенден кийин 7 (жети) жумуш күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт.
56. Ваучерге акы төлөө жана тамактануу үчүн жеңилдиктерди төлөө төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
1) Пилоттоо жөнүндө келишимдин жана/же Мектепке чейинки билим берүү кызматтары жөнүндө келишимдин жарактуулук мөөнөтү аяктаса жана/же жокко чыгарылса;
2) кызмат көрсөтүүчүнүн иши токтосо.
57. Кызмат көрсөтүүчүлөр - пилоттоонун катышуучулары ваучерлерге акы төлөөдөн жана тамактануу үчүн жеңилдиктерди төлөөдөн алынган каражаттарды өз алдынча тескейт.
58. Эгерде ваучер алуучу баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлдөрү баланы башка кызмат көрсөтүүчүгө которсо, анда ваучерге акы төлөө жана башка кызмат көрсөтүүчүгө тамактануу үчүн жеңилдиктерди төлөө ата-эне/мыйзамдуу өкүлдөр тарабынан ушул Пилоттоо тартибинин бардык талаптары аткарылганда жүргүзүлөт. Ваучер алуучу балдарды бир кызмат көрсөтүүчүдөн экинчисине которуу айдын 1инен (биринен) баштап гана жүзөгө ашырылат.
59. Бала каза болгон учурда ваучер жокко чыгарылат.
60. Квартал сайын мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттоону ишке ашыруунун жүрүшүнө талдоо жана мониторинг жүргүзүлөт. Талдоонун жана мониторинг жүргүзүүнүн негизинде пилоттоо процессин жана ушул Тартипти оңдоо жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн зарыл болгон чечимдер чыгарылат.
8-глава. Ваучерлерди алуучу балдарга берилүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарынын сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоо
61. Кызмат көрсөтүүчүлөр - пилоттоонун катышуучулары тарабынан берилүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарынын сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоо "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13, 17-беренелеринин талаптарын сактоо менен жүргүзүлөт.
62. Каржылоонун ваучердик механизмин пилоттоонун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча квотанын көлөмү жана мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоону каржылоонун өздөштүрүлбөгөн каражаттары башка райондорго, анын ичинде пилоттук райондордун тизмегине кирбеген, бирок кызмат көрсөтүүчүлөр жана ваучер алууну каалаган балдар болгон райондорго бөлүштүрүлөт. Ошол эле учурда кошумча киргизилген райондордо тамактануу үчүн акы төлөө боюнча жеңилдиктерди берүүгө чыгымдар ушул Тартиптин 35-пунктунун 2-пунктчасына ылайык аныкталат.