Загрузка документа…
| Долбоор |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 734-т тескемесине ылайык) |
2012-жылдын 11-декабрында Сеул шаарында кол
коюлган Кош салык салууну болтурбоо, киреше жана
капитал салыктарын төлөөдөн качууну алдын алуу
жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
протокол
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Корея Республикасынын Өкмөтү,
2012-жылдын 11-декабрында Сеул шаарында кол коюлган Кош салык салууну болтурбоо, киреше жана капитал салыктарын төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду түзүүнү каалап, жана
Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган Макулдашуунун 30-беренесинин (Күчүнө кириши) 3-пунктун жетекчиликке алып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене
Макулдашуунун преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтү,
экономикалык мамилелерин андан ары да өнүктүрүүнү жана салык маселелериндеги кызматташууну кеңейтүүнү каалап, жана
салык салбоо же салык төлөөдөн качуу жолу менен салык салууну азайтуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзбөстөн, анын ичинде үчүнчү мамлекеттердин резиденттеринин кыйыр пайдасы үчүн ушул Макулдашууда каралган жеңилдиктерди алууга багытталган келишимдик макулдашуулар аркылуу Кирешелерге жана капиталга салыктарга карата кош салык салууну четтетүү жөнүндө макулдашуу түзүүгө ниеттенип,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:".
2-берене
Макулдашуунун 26-беренесинин (Өз ара макулдашуунун жол-жобосу) 1-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Эгерде жак Келишим түзүүчү Мамлекеттердин биринин же экөөнүн тең аракеттери ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык келбеген бул жакка салык салууга алып келет деп эсептесе, бул жак ушул Келишим түзүүчү Мамлекеттердин ички мыйзамдарында каралган укуктук коргонуу каражаттарына карабастан, ишти Келишим түзүүчү Мамлекеттин кандай болбосун компетенттүү органына өткөрүп бере алат.".
3-берене
Макулдашуунун 27-беренеси (Маалымат алмашуу) төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-пункттар менен толукталсын:
"4. Эгер маалымат Келишим түзүүчү Мамлекет тарабынан ушул беренеге ылайык суралып жатса, башка Келишим түзүүчү Мамлекет өзүнүн салыктык максаттары үчүн мындай маалыматка муктаж болбосо дагы, экинчи Келишим түзүүчү Мамлекет суралып жаткан маалыматты алуу үчүн маалымат чогултуу боюнча өзүнүн чараларын колдонууга тийиш. Мурунку сүйлөмдө камтылган милдеттенме 3-пункттун чектөөлөрүнө кирет, бирок мындай чектөөлөр эч качан Келишим түзүүчү Мамлекетке анын мындай маалыматка ички кызыкчылыгы жок болгондуктан гана маалымат берүүдөн баш тартууга мүмкүндүк берет деп чечмеленбеши керек.
5. Ушул берененин 3-пунктунун жоболору кандай болгон учурда да Келишим түзүүчү Мамлекетке маалымат банкта, башка финансылык мекемеде, дайындалган адамда же агенттикте же ишенимдүү жак катары аракеттенген адамда сакталгандыктан же ал кандайдыр бир жактын мүлктүк кызыкчылыктарына тиешелүү болгондуктан гана маалымат берүүдөн баш тартууга мүмкүндүк берет деп чечмеленбөөгө тийиш.".
4-берене
Макулдашуунун 29-беренеси (Пайдадан чектөө) төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"29-берене.
Жеңилдиктерге укук
Ушул Макулдашуунун башка жоболоруна карабастан, эгерде бул пайданы алуу кандай болбосун макулдашуунун же бүтүмдүн негизги максаттарынын бири болгон мындай пайданы алууга түз же кыйыр алып келген бардык тиешелүү фактыларды жана жагдайларды көңүлгө алып негиздүү түзүлсө, эгерде мындай жагдайларда мындай пайданы берүү ушул Макулдашуунун тиешелүү жоболорунун объектисине жана максаттарына ылайык келет деп белгиленбесе, ушул Макулдашуу боюнча пайда киреше же капитал беренесине карата берилбейт.".
5-берене
1. Ушул Протокол анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Келишим түзүүчү Мамлекеттер тарабынан аякталгандыгы жөнүндө алардын жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүсү дипломатиялык каналдар аркылуу алынган күндөн тартып отузунчу (30) күнү күчүнө кирет.
2. Ушул Протоколдун жоболору төмөнкүлөргө карата күчүнө кирет:
a) ушул Протокол күчүнө кирген жылдан кийинки календардык жылдын январынын биринчи күнүндө же ошол датасынан кийин төлөнүүгө тийиш болгон суммалар үчүн булактан кармалуучу салыктарга карата;
b) башка салыктарга карата - ушул Протокол күчүнө кирген жылдан кийинки календардык жылдын биринчи январынан башталган салык жылдары үчүн;
c) ушул Протоколдун 2-беренесине карата - Келишим түзүүчү Мамлекеттин компетенттүү органына ушул Протокол күчүнө кирген датада же андан кийин берилген иш боюнча, иш тиешелүү болгон салык мезгилине карабастан; жана
d) ушул Протоколдун 3-беренесине карата - суроо-талап тиешелүү болгон салык мезгилине карабастан, ушул Протокол күчүнө кирген датадан кечиктирбестен жасалган суроо-талап үчүн.
Муну ырастап, Келишим түзүүчү Мамлекеттер тарабынан тийиштүү түрдө ыйгарым укук берилген төмөндө кол койгондор ушул Протоколго кол коюшту.
_____________ шаарында 20___-жылдын "___" __________ эки нускада, ар бири кыргыз, корей, орус жана англис тилдеринде кол коюлду, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Чечмелөөдө кандайдыр бир келишпестиктер болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети | Корея Республикасынын Өкмөтү |