Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жылдын 02-августу №28
« Комбайндын 1 га жер аянтындагы данды чапкан баасын бекитүү жөнүндө».
Атай айыл аймагында Комбайндын 1 га жер аянтындагы данды чапкандыгы үчүн баасын коюу жана бекитип берүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Комбайндын 1га жер аянтындагы данды чапкан баасы 4500 сом деп бекитилсин.
2.Кабыл алынган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. Аталган токтом расмий жарыялангандан кийин , Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн көчүрмөсү жиберилсин.
3. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Нарматовага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке жана Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Топоев Сталбек Медетбековичке тапшырылсын.
Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Н.Т.Жээнбаев |