Загрузка документа…
ПРИГОРОД АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 12-апрелиндеги № 23
Пригород айылдык аймагында үйлөнүү той, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө Жобону бекитуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ Nº54 "Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруу максатында, Пригород айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 12-апрелиндеги протоколдук чечими, Пригород айылдык аймагынын жашоочуларынын сунушун эске алып, Пригород айылдык кеңешинин 10 сапар сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Пригород айылдык аймагында үйлөнүү той, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомду расмий булактарга жарыялоо, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук аткарылган мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Пригород айылдык кеңешинин жоопту катчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө иши Пригород айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Пригород айыл өкмөтүнүн башчысы Шеримбеков Б.К. жүктөлсүн.
Пригород айыл кенешинин төрагасы |
| Т.Омурзаков |