Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жылдын 02-августу №27
« Жайыттын акысын бекитүү жөнүндө».
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин жайытты пайдалангандыгы үчүн жайыт пайдалануучуларга жайыт акысын коюу жана бекитип берүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагында 1 га пайдаланган жайыт жердин баасы 500 сомдон деп белгиленсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. Аталган токтом расмий жарыялангандан кийин , Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн көчүрмөсү жиберилсин.
4. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Нарматовага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Топоев Сталбек Медетбековичке тапшырылсын.
Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Н.Т.Жээнбаев |