АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жылдын 02-августу №26
« Сары-Талаа, Ала-Жыгач участогунан түшкөн чөптүн баасын бекитүү жөнүндө ».
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин Сары-Талаа, Ала-Жыгач участогунан түшкөн чөптү атайын түзүлгөн комиссия жеринен барып тактап, АКТ түзүп келгендигине байланыштуу комиссиянын түзгөн актысын бекитип берүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Атай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Сары-Талаа, Ала-Жыгач участогунан түшкөн чөптүн ( пресстин) баасы атайын түзүлгөн комиссиянын АКТсынын негизинде бекитилсин.
- Кабыл алынган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. Аталган токтом расмий жарыялангандан кийин , Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн көчүрмөсү жиберилсин.
- Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Нарматовага милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке жана Атай айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Топоев Сталбек Медетбековичке тапшырылсын.
Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: | Н.Т.Жээнбаев |