Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жылдын 02-августу №25
« Тиричилик калдыктарын жыйноо боюнча тарифти бекитүү жөнүндө».
Атай айыл аймагында таштандыларды чыгаруу, жыйноо үчүн тарифти бекитүү боюнча Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Атай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагында тиричилик калдыктары айына 2 жолу чыгарылсын жана таштанды чыгарууга төлөнүүчү акы 1 (Бир) айга 100 (Жүз) сомдон жана коммерциялык багыттарга 150 (жүз элүү ) сом деп бекитилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. Аталган токтом расмий жарыялангандан кийин , Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн көчүрмөсү жиберилсин.
4. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Нарматовага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү , жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, билим берүү жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Н.Т.Жээнбаев |