Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жылдын 02-августу №24
« Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата стратегиялык өнүгүү программасын жана Атай айыл аймагынын 2024-жылга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоо программасын бекитүү жөнүндө».
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин 2024-жылга карата стратегиялык өнүгүү программасын жана Атай айыл аймагынын 2024-жылга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоо программасын бекитүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык, Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата стратегиялык өнүгүү программасы жана Атай айыл аймагынын 2024-жылга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоо программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Атай айыл аймагында 2024-жылга карата стратегиялык өнүгүү программасы жана Атай айыл аймагынын 2024-жылга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоо программасы талапка ылайык ишке ашырылсын.
3. Кабыл алынган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Токтомду аткаруу жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары- жооптуу катчы Н.Т.Байгуловага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке жана бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш туруктуу комиссиясынын төрагасы Иманбек уулу Эрболотко тапшырылсын.
Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Н.Т.Жээнбаев |