АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жылдын 02-августу №23
« Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин 6 (алты) айлык отчету жөнүндө ».
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Жаныбаевдин 2024-жылдын 6 (алты) ай ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча отчетун угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин 6 (алты) ай ичинде аткарган иштеринин отчету «канааттандырарлык» деп табылсын.
- Кабыл алынган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. Аталган токтом расмий жарыялангандан кийин , Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн көчүрмөсү жиберилсин.
- Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Нарматовага милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: | Н.Т.Жээнбаев |