Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 694 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Шабиров Жапар Шабирович атындагы Республикалык окуу борбору жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Шабиров Жапар Шабирович атындагы Республикалык окуу борбору (мындан ары - Борбор) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (мындан ары - ИИМ) ведомстволук билим берүү мекемеси болуп саналат.
2. Борбор мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, Күжүрмөн Туусу, эмблемасы, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы, штамптары, фирмалык бланктары болот.
3. Борбордун фирмалык толук аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Шабиров Жапар Шабирович атындагы Республикалык окуу борбору";
расмий тилде: "Республиканский учебный центр Министерства внутренних дел Кыргызской Республики имени генерал-майора милиции Шабирова Жапара Шабировича".
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "РОБ";
- расмий тилде: "РУЦ".
Борбордун юридикалык дареги: 720046, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Месароша көчөсү, 3.
4. Борбор өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын (мындан ары - ИИО) бөлүктөрү, Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары, жеке жана юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүү менен жүргүзөт, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен кызматташат.
5. Борбор өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, кодекстерин, конституциялык мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ИИМдин буйруктарын жана тескемелерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
2-глава. Борбордун максаты жана милдеттери
6. Борбордун ишинин максаты коомдук тартипти, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүүгө жана өркүндөтүүгө багытталган билим берүү кызматтарын көрсөтүү болуп саналат.
7. Борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ИИОго катардагы жана кенже жетектөөчү курамдын кызматына биринчи жолу кирип жаткан адамдарды (мындан ары - талапкерлер) баштапкы атайын кесиптикке даярдоо;
2) ИИОнун катардагы жана кенже жетектөөчү курамынын адамдарын (мындан ары - угуучулар) кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
3) тынчтыкты сактоочу миссияларга иш сапарларга жөнөтүлгөн ИИОнун кызматкерлерин окутуу;
4) детективдик жана күзөт ишин жүзөгө ашыруучу адамдарды окутуу;
5) кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуудан өтүп жаткан адамдарды, андан тышкары Кыргыз Республикасынын ИИОсунун катардагы жана кенже жетекчилик курамындагы кызматка алгачкы кирил жаткан адамдарды "В" категориясындагы транспорт каражаттарынын айдоочуларын окутуу;
6) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү.
3-глава. Борбордун функциялары
8. Жүктөлгөн милдеттерди чечүү максатында Борбор төмөнкү функцияларды аткарат:
1) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында билим берүү жана кызмат өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык окуу процессин уюштурат;
2) билим берүү курстарын уюштуруу жана өткөрүү тартибин аныктайт;
3) даярдоо, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча окуу пландарын жана программаларын иштеп чыгат жана бекитет;
4) семинарларды, тренингдерди, конференцияларды, анын ичинде эл аралыктарын уюштурат жана өткөрөт;
5) окуу китептерин, окуу-методикалык колдонмолорду, брошюраларды, тематикалык жыйнактарды жана конференциялардын материалдарын даярдайт жана басып чыгарат;
6) китепкана фондун түзөт жана аны дайыма атайын, юридикалык жана башка адабияттар менен толуктап турат, китепканалык маалымат базасын түзүү жана жалпылоо үчүн окуу адабияттарын, лекцияларды жана методикалык колдонмолорду электрондук форматта эсепке алууну жана сактоону жүргүзөт;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт;
8) укук коргоо чөйрөсүндө билим берүү жаатындагы оң тажрыйбаларды изилдөө жана пайдалануу максатында чет өлкөлөрдүн укук коргоо органдарынын илимий жана билим берүү мекемелери жана эл аралык уюмдар менен мыйзамда белгиленген тартипте кызматташууну жүзөгө ашырат;
9) окутуунун инновациялык формаларын жана методдорун киргизүү жана жаңы билим берүүчү жана санариптик технологияларды колдонуу жолу менен ИИОнун кызматкерлерин окутууну, даярдоону жана кайра даярдоону, билим берүү ишин өркүндөтүү жана өнүктүрүү, Борбордун материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча чараларды көрөт;
10) билим берүү жана тарбиялоо максатында ИИОнун практикалык бөлүктөрүнүн, башка укук коргоо органдарынын кызматкерлерин, жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамын, башка адистерди, ошондой эле коомдук ишмерлерди жана маданият өкүлдөрүн лектор жана окутуучу катары тартууну уюштурат;
11) кадрдык потенциалды калыптандырат, өздүк курамдын кесиптик даярдыгын жогорулатат, ошондой эле кызматкерлердин ар тараптуу өнүгүүсү жана алардын чыгармачылык жөндөмдөрүн ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт;
12) Борбордун милдеттерине тиешелүү чөйрөдөгү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууну жүзөгө ашырат;
13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жана Борборго жүктөлгөн милдеттерди чечүүгө көмөк көрсөтүүчү башка функцияларды ишке ашырат.
4-глава. Борбордун ишин уюштуруу
9. Борбордун ишин Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу башчы жетектейт.
Борбордун башчысынын кызмат ордуна квалификациялык талаптар ИИМ тарабынан белгиленет.
10. Борбордун түзүмү, башкаруу схемасы, штаттык расписаниеси ИИМдин бекитилген штаттык санынын чегинде Борбордун башчысынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министри тарабынан бекитилет.
11. Борбордун башчысы:
1) жүктөлгөн милдеттерди аткаруу жана Борбордун ишин өркүндөтүү боюнча чараларды көрүү максатында Борборду жетектейт жана ишин уюштурат;
2) Борборго жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) Борбордун өздүк курамынын функциялык милдеттерин бекитет;
4) окуу процессин уюштуруу жөнүндө нускаманы, окуу пландарын жана программаларын, Борбордун түзүмдүк бөлүктөрүнүн жана кеңештеринин жоболорун бекитет, өзүнүн компетенциясынын чегинде Борбордун өздүк курамы, угуучулары жана талапкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;
5) тынчтыкты сактоочу миссияларга иш сапарга жөнөтүлгөн ИИОнун кызматкерлерин окутуу программасын ички иштер министрине бекитүү үчүн киргизет;
6) Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин берилген укуктарына ылайык Борбордун катардагы жана жетектөөчү курамына атайын наамдарды ыйгарат;
7) Борбордун кызматкерлерин, угуучуларын, талапкерлерин, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналын укук коргоо органдарынын тартиптик уставында жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте сыйлайт жана аларга тартиптик жаза колдонот;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык органдар жана уюмдар, жеке жана юридикалык жактар менен мамилелерде Борбордун атынан чыгат;
9) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде мыйзамда белгиленген тартипте чет өлкөлөрдүн окуу жайлары жана илимий-изилдөө мекемелери менен окуу-методикалык, илимий жана маданий-агартуучу байланыштарды белгилейт;
10) карамагындагыларга кесиптик жана дене тарбиялык даярдоону, окутууну жана тарбиялоону жүргүзүүнү камсыз кылат, Борбордун өздүк курамынын, угуучуларынын жана талапкерлеринин арасында кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту бузууга жол бербөө боюнча чараларды көрөт;
11) Борбордун педагогикалык кеңешин жетектейт;
12) Борбордун түзүмүн, штатын өзгөртүү жана ишин өркүндөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министрине сунуштарды киргизет;
13) Борбордун өздүк курамынын кызматтык милдеттерди аткарууга, анын ичинде өзгөчө кырдаалдарда дайыма күжүрмөн даярдыгын сактайт;
14) окуу, илимий-изилдөө, материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана өнүктүрүү, финансылык-чарбалык ишти өркүндөтүү боюнча иш-чараларды уюштурат;
15) Борбордо окуп жаткан мезгилде талапкерлердин формалык кийиминин түрүн жана кийүү тартибин белгилейт;
16) Борбордун кызматкерлерин кызматтык иш сапарларга жөнөтөт;
17) келишимдерди түзүүгө жана башка бүтүмдөрдү жасоого, ишеним каттарга кол коюуга укуктуу;
18) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
12. Борбордун башчысынын орун басары болот. Борбордун башчысынын орун басары Борбордун башчысынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Борбордун башчысынын орун басары Борбордун башчысына түздөн-түз баш иет жана функциялык милдеттерге ылайык Борбордун ишин уюштурууга катышат.
13. Коллегиалдуу башкаруу органы катары Борбордо педагогикалык кеңеш түзүлөт, ал билим берүү-тарбиялоо процессин уюштуруу жана өркүндөтүү, Борбордун кызматкерлеринин педагогикалык чеберчилигинин жана кесиптик даярдыгынын деңгээлин жогорулатуу маселелерин карайт.
14. Борбордо профессордук-окутуучулук курамдын окуу-методикалык ишин координациялоо жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында окуу-методикалык кеңеш түзүлөт.
15. Борбордун бөлүктөрүнүн ишин уюштуруу жана контролдоо боюнча учурдагы маселелер, ошондой эле өздүк курамдын күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгын камсыз кылуу менен байланышкан маселелер Борбордун ыкчам кеңешмесинин жыйналыштарында каралат.
16. Борбордун ишин жакшыртуу, ошондой эле кызматкерлердин социалдык-тиричиликтик маселелерин чечүү максатында Борбордо башка коллегиалдуу органдар түзүлүшү мүмкүн.
5-глава. Окуу-методикалык жана тарбиялык иштерди уюштуруу
17. Окуу-методикалык жана тарбиялык иштер Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, Борбордун башчысы бекиткен Борбордун окуу процессин уюштуруу жөнүндө нускамага жана окуу программасына ылайык жүзөгө ашырылат.
18. Окутуунун мазмуну даярдоо багытына жараша кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жаракты жана аскердик техниканы колдонуу боюнча кесиптик жана башка атайын даярдыкты камтыйт.
19. Сабактардын түрлөрү жана билим берүү курстарынын узактыгы окуу пландарына ылайык белгиленет. Аудиториялык сабактын узактыгы академиялык (окуу) саат менен ченелет. Курстардын графиги жана сабактардын жүгүртмөлөрү Борбордун башчысы тарабынан бекитилет.
20. Окутуу программалары окуп жаткандардын ар бир категориясы үчүн квалификациялык талаптарга ылайык билим, жөндөм жана көндүм алууга багытталууга жана ата мекендик, дүйнөлүк илимдин жетишкендиктеринин жана тийиштүү чөйрөдөгү алдынкы эл аралык тажрыйбанын негизинде иштелип чыгууга тийиш.
21. Борборго окууга кабыл алуу жана Борбордон чыгаруу Борбордун башчысынын буйругунун негизинде жүргүзүлөт.
22. Борбор окууга катталган ар бир талапкер менен даярдоо жөнүндө контрактка кол коёт.
23. Талапкерлер төмөнкү учурларда Борбордон чыгарылышы мүмкүн:
1) талапкердин арызынын негизинде өз каалоосу боюнча;
2) экзаменди комиссиялык кайра тапшырууда канааттандырарлык эмес баа алуу;
3) даярдоо жөнүндө контрактта көрсөтүлгөн шарттар бузулганда.
24. Квалификацияны жогорулатуу курстарынан ИИМдин жетекчилиги тарабынан бекитилген квалификацияны жогорулатуу курстарынын жылдык графигине ылайык угуучулар өтөт.
25. Тынчтыкты сактоочу миссияларга иш сапарга жөнөтүлгөн ИИОнун кызматкерлерин окутуу Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке милиция кызматкерлеринин катышуусун уюштуруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга, ошондой эле ИИМдин ведомстволук актыларына ылайык ишке ашырылат.
26. Окуу процессинде Борбордо лекциялар (анын ичинде меймандык), семинарлар, практикалык сабактар (анын ичинде көчмө сабактар) өткөрүлөт, ошондой эле өз алдынча жана изилдөөчүлүк иштин элементтери уюштурулат.
Окуучулардын окуу программасын өздөштүрүүнүн натыйжаларын баалоо үчүн зачеттор жана экзамендер кабыл алынат.
27. Окутуу программасын ийгиликтүү өздөштүргөн окуучулар белгиленген үлгүдөгү тиешелүү документти (күбөлүк же сертификат) алат.
28. Борбордун башчысы бекиткен графикке ылайык талапкерлердин ичинен ички тартипти сактоо, административдик имаратты, жанаша жайгашкан аймакты кайтаруу, курал-жарак, ок-дарыларды сактоо үчүн суткалык кезмет дайындалат.
Суткалык кезмет белгиленген тартипте тамак-аш менен камсыз кылынат.
6-глава. Мүлк жана каржылоо
29. Борборду каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каржылоонун башка булактарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
30. Борбордун имараттары, курулмалары, жабдуулары, инвентарлары, башка материалдык баалуулуктары жана каражаттары мамлекеттин менчиги болуп саналат жана ыкчам башкаруу укугунда бекитилет.
31. Борбордун өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык бөлүмүндө бюджеттик жана атайын эсептери болот.
32. Борбор Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, ИИМдин ведомстволук актыларына ылайык Борбордун балансында турган товардык-материалдык баалуулуктарды эсептен чыгарууну жүзөгө ашырат.
7-глава. Борбордун ишин токтотуу
33. Борбордун ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык кайра уюштуруу же жоюу жолу менен ишке ашырылат.
34. Борбордун ишинин процессинде түзүлгөн документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.