Загрузка документа…
КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жылдын 02-августу №5/1
« Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Султамуратовдун 6 (алты) ай ичинде аткарган жумуштары боюнча маалымат берүүсү жөнүндө».
Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Султамуратовдун 2024-жылдын 6 ай ичинде аткарган жумуштары боюнча берген маалыматын угуп, талкуулап, Кара-Камыш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Султамуратовдун 2024-жылдын 1-январынан тартып 31-июнга чейинки аткарган жумуштары боюнча берген маалыматы жактырылсын
2. Аталган токтомду www.kara-kamysh.gov.kg расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Кубанычбек у фархатка жүктөлсүн.
3. Кара-Камыш айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Камыш айыл аймагынын Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн kara-kamysh.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
Төрага: |
У.Жунусалиев |