Загрузка документа…
КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жылдын 02-августу №5/3
« Кез-Арт айылындагы Ак-Таш участкасына баруучу жолго ат коюу сунушун кароо жөнүндө».
Кара-Камыш айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, боюнча туруктуу комиссиянын күн тартибиндеги каралуучу маселе боюнча корутундусун карат, талкуулап, Кара-Камыш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Камыш айыл аймагына караштуу Кез-Арт айылындагы Кожобеков Сатылган Эсентаевичтин үйүнүн тушунан күн чыгышты карай Ак-Таш участкасына баруучу унаа жолго Кез-Арт айылынын тургуну Бокоев Кенжегулдун ысымы ыйгарылсын.
2. Аталган токтомду ишке ашыруу үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдоого көмөк көрсөтүү жагы өкмөт башчы Т.Султамуратовго жүктөлсүн.
3. Кара-Камыш айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Камыш айыл аймагынын Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн kara-kamysh.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
Төрага: |
У.Жунусалиев |