Редакцияот 10.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 10-августу № 2

Социалдык объектилерге бөлүнгөн жер аянтын трансформациялоо жөнүндө

 

 Кең-Арал айыл өкмөтүнүн карамагындагы социалдык объект курууга калтырылган жер аянтын трансформациялоо максатында депутаттардын Кең-Арал айылдык кенешинин VIII - чакырылышынын   14-сессиясы токтом кылат:        

 

1. 2022-жылы  Кең-Арал айыл өкмөтү тарабынан Мамырбеков Нургазы  менен түзүлгөн № 38 чөйрө сызыгындагы келишим жокко чыгарылсын.

  2. Кең-Арал айыл өкмөтүнө караштуу №38 чөйрө сызыгындагы 0,50га айыл чарба багытындагы жайыт жер категориясынан, калктуу конуш жер категориясына “мектеп” же “бала бакча” куруу үчүн трансформациялоого уруксат берилсин.

  3.Жер тилкесин трансформациялоо жагы Бакай-Ата райондук мамлекеттик  администрациясына сунушталсын.

  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы   Ч.Алымкуловго жүктөлсүн.

 

    Төрага                                                                                           Б.Токонов