Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-майындагы № 18
Муниципалдык менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону жана 2024-2027-жылдарга Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчик объектилерин менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө
Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчигин башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында муниципалдык менчиктин айрым рентабелдүү объекттерин менчиктештирүү процессин ишке ашырууга багытталган иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренеси «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39 Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Балта шаарындагы муниципалдык менчикти менчиктештирүү шарттары жана тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2024-2027-жылдарга Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчик объектилерин менчиктештирүү программасы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссияга, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри М.Р.Джекшеновго жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы |
| А.Р.Сатыбалдиев |
| Тиркеме 2 Кара-Балта шаардын кеңешинин 2024-жылдын “23” майындагы № 18 токтомуна |
1. Кара-Балта шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 2024-2027-жылдарга менчиктештирүү жаатындагы cаясатынын максаты жана милдеттери
1. Кара-Балта шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттеринин негизги багыты калктын кирешесин көбөйтүүгө, инфратүзүмдүк объекттердин абалын жакшыртууга, турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүн өнүктүрүүгө, билим берүүнүн жана саламаттык сактоонун сапатын жогорулатууга, калкты социалдык колдоону күчөтүүгө, маданиятты жана искусствону, дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө, айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртууга багытталган аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат. Мында Кара-Балта шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруунун негизги фактору болуп жетиштүү финансылык ресурстардын болушу саналат.
Кара-Балта шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн салыктык келип түшүүлөрдөн кийин толуктоонун маанилүүлүгү боюнча экинчи булагы болуп салыктык эмес кирешелер саналат, алардын негизги бөлүгүн муниципалдык менчик объекттерин ижарага берүүдөн алынган каражаттар түзөт.
Ушуга байланыштуу Кара-Балта шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык менчик объекттерин башкаруу чөйрөсүндө иш-аракеттеринин негизги багыты болуп Кара-Балта шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнө түшүүлөрдү көбөйтүү жана муниципалдык мүлктү күтүүгө чыгымдарды азайтуу жолу менен аларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле муниципалитетти ишкерлерге эркин, ачык-айкын жана кирешелүү бизнес жүргүзүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү берүү менен жөнгө салуучу катары Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жамаатына таандык мүлктү пайдалануу процессине тартуу болуп саналат.
Бирок, талдоо көрсөткөндөй, бүгүнкү күндө Кара-Балта шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын борбордун шаардын активдерин башкаруу боюнча иш-аракеттеринин жетишсиз натыйжалуулугу байкалууда.
Ушуга байланыштуу 2024-2027-жылдарга карата менчиктештирүү жаатындагы Кара-Балта шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын саясатынын максаты муниципалдык мүлктүн айрым рентабелдүү эмес объекттерин менчиктештирүү процессин ишке ашырууга багытталган иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу жолу менен Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчигин башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.
2. Белгиленген мезгилде Кара-Балта шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык менчикти менчиктештирүү жаатындагы саясаты төмөнкү милдеттерди чечүүгө багытталган:
муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүүнүн ченемдик-укуктук базасын өркүндөтүү;
электрондук форматта тооруктарды өткөрүү жолу менен муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү практикасын жайылтуу;
муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүүдөн салыктык эмес кирешелердин Кара-Балта шаарынын бюджетине түшүүлөрүн камсыз кылуу;
муниципалдык менчиктин рентабелдүү эмес объекттерин күтүүгө Кара-Балта шаарынын бюджетинен чыгымдарды кыскартуу;
борбордо жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүү боюнча Кара-Балта шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерин активдештирүү.
2. Муниципалдык менчикти менчиктештирүүнү
жүзөгө ашыруу жана тооруктарды өткөрүү тартиби
3. Менчиктештирүү объекттеринин финансылык-экономикалык абалын, алардын өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле Кара-Балта шаарынын аймагын андан ары өнүктүрүү келечегин эске алуу менен талдоонун негизинде муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү электрондук форматта аукциондо сатуу жолу менен жүргүзүлөт.
4. Эгерде муниципалдык менчик объекттери белгиленген тартипте эки жолу ачык тоорукка коюлса жана сатылбаса, муниципалдык менчиктин мындай объекттерин менчиктештирүү жергиликтүү кеңештин чечими боюнча түз сатуу жолу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
5. Муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүүнүн мөөнөттөрүн аныктоо муниципалдык мүлктү башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
6. Менчиктештирүү объекттеринин наркын аныктоо Кыргыз Республикасынын баалоо иши жөнүндө мыйзамдарына ылайык баалоо жүргүзүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
Муниципалдык мүлктү башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алар тарабынан жүзөгө ашырылуучу иштердин тууралыгы жана негиздүүлүгү үчүн жоопкерчилик тарта турган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте баалоочу уюмдар тартылат.
7. Муниципалдык менчик объекттерин электрондук форматта аукциондо сатуу жолу менен менчиктештирүүнүн усулу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте колдонулат (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-октябрындагы № 519 токтому) жана төмөнкү этаптардан турат:
1) муниципалдык мүлктү башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктуу орган форманы толтурат жана арызды (ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин кол тамгасы коюлган) электрондук форматта электрондук соода аянтчасында «жеке кабинет» аркылуу төмөнкүлөрдү тиркөө менен жайгаштырат:
баштапкы сатуу баасынын эсебин;
сатылуучу муниципалдык мүлктүк техникалык паспортунун же башка техникалык документтердин (схема, план) муниципалдык мүлктү башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктуу органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн;
муниципалдык мүлктү сатып алуу-сатуу жөнүндө келишимдин долбоорун;
2) муниципалдык мүлктү башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктуу орган аукционду өткөрүү күнүнө чейин 30 (отуз) күндөн кем эмес убакытта «жеке кабинет» аркылуу электрондук соода аянтчасына маалыматтык билдирүүнү жайгаштырууга, ошондой эле аукцион өткөрүү жөнүндө билдирүүнү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого жана Кара-Балта шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын сайтына жайгаштырат.
Маалыматтык билдирүү милдеттүү түрдө төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
сатуучунун аталышын;
сатуу объектисинин жайгашкан жерин;
сатуу объектисинин идентификациялык кодун жана функционалдык багытын, аянтын жана параметрлерин (мүнөздөмөсүн), техникалык абалын;
электрондук соода аянтчасындагы электрондук аукционго катышуу үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алуу жана кабыл алуу аяктаган күнүн, убактысын;
баштапкы сатуу баасын;
кепилдик төгүмдүн суммасын жана төлөө мөөнөттөрүн, ошондой эле ал которула турган эсептин маалым даректерин;
сатуу мөөнөтүн;
башка маалыматты (муниципалдык мүлктү башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктуу органдын каалоосу боюнча).
Муниципалдык мүлктү башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тооруктарга катышуу ниетин билдирген жактардын талабы боюнча төмөнкүлөргө милдеттүү:
анын техникалык абалын көрүп чыгуу максатында сатуу объектисине жетүү мүмкүндүктөрүн камсыздоого;
таанышуу үчүн укук белгилөөчү документтерди жана фотосүрөт материалдарын берүүгө;
3) тооруктарга тооруктарды өткөрүү башталганга чейин электрондук соода аянтчасында каттоодон өткөн жактар жиберилет. Каттоо төмөнкүчө жүргүзүлөт:
жеке жактар үчүн – электрондук кол тамганы же электрондук чиби (е-ID) бар инсандыгын ырастаган документти (ID-картасын) пайдалануу менен же талапкердин катталган телефон номерине жиберилген идентификациялык жеке номерди (ИЖН-кодду) ырастоо менен;
юридикалык жактар үчүн – электрондук кол тамганы пайдалануу менен. Электрондук кол тамга жок болгон учурда жеке жактар үчүн идентификациялоонун колдонулган формаларына ылайык юридикалык жакты мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө сканерленген күбөлүктөрдү жана жетекчини дайындоо тууралуу буйрукту же жеке жактын идентификациялык маалыматтары боюнча каттаган адамга жарандык-укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык таризделген сканерленген ишеним катты тиркөө менен.
4) электрондук аукцион формасындагы тоорук жол-жобосу электрондук аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн күнү жана убагында өткөрүлөт.
Электрондук аукционду өткөрүүнүн жүрүшү электрондук соода аянтчасынын электрондук журналында белгиленет;
5) электрондук аукцион формасындагы тооруктар сатуунун наркын жогорулатууга өткөрүлөт.
Сатуу объектисинин баштапкы баасы Кара-Балта шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилген жобого ылайык аныкталат.
Аукциондун кадамынын өлчөмү лоттун баштапкы баасынын 20 пайызын түзөт.
Аукционду өткөрүү жол-жобосу катышуучулар тарабынан «аукциондун кадамына» ылайык чоңдукка баштапкы сатуу баасын ырааттуу жогорулатуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
Сатуу объекти үчүн эң жогорку бааны сунуштаган катышуучу жеңүүчү деп таанылат;
6) электрондук аукциондун жол-жобосу аукцион аяктагандан кийин система тарабынан генерациялануучу электрондук аукциондун натыйжалары жөнүндө электрондук протокол түзүлгөн учурдан тартып аяктады деп эсептелет;
7) төмөнкү учурларда тооруктар өткөн жок деп таанылат:
өтүнмөлөр/тооруктун (аукциондун) катышуучулары жок болсо;
бир гана талапкер катышуучу деп таанылса.
Тооруктар өткөрүлгөн жок деп таанылган учурда сатуу объектиси тооруктардан алынат жана аукцион өтүлгөн жок деп таанылган күндөн кийин 30 (отуз) календардык күн өткөндөн кийин кайрадан коюлат.
Электрондук аукционду болгон жок деп таануу жөнүндө чечим электрондук аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протокол менен таризделет.
Өтүнмөлөр жок болгондугуна байланыштуу аукцион эки жолу өткөн жок деп таанылган учурда сатуу объектиси тооруктардан алынат.
8) Катышуучу өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктаган күндөн кечиктирбестен, электрондук соода аянтчасынын «жеке кабинетинде» өтүнмөнү кайра сурап алууга укуктуу.
Талапкер өтүнмөнү кайра сурап алган учурда, өтүнмөнү кайра сурап алуу тууралуу кабарлама (өтүнмө менен бирге) 1 (бир) сааттын ичинде муниципалдык мүлктү башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктуу органдын «жеке кабинетине» келип түшөт, бул жөнүндө талапкерге тиешелүү кабарлама жиберилет.
9) электрондук аукционго катышуу үчүн катышуучу сатуунун жарыяланган баштапкы өлчөмүнүн 100 пайыз өлчөмүндө кепилдик төгүмдү маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн эсепке төгүүгө милдеттүү.
Эгерде тооруктар өтпөй калса, кепилдик төгүм кайтарылып берилүүгө тийиш. Кепилдик төгүм ошондой эле тоорукка катышкан, бирок утпай калган жактарга, өтүнмөлөрдү кайра чакыртып алгандарга да өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктаганга чейинки күндөн кечиктирбестен кайтарылат. Кепилдик төгүм электрондук аукциондун жеңүүчүсүн кошпогондо, электрондук аукциондун бардык катышуучуларына электрондук аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол тамга коюлган учурдан тартып 10 (он) банктык күндүн ичинде, ал эми өтүнмөнү чакыртып алган жактар үчүн өтүнмөнү чакыртып алуу жөнүндө билдирүү келип түшкөн күндөн тартып кайтарылып берилет;
10) электрондук аукциондун жеңүүчүсүнө кепилдик төгүм сатып алынуучу мүлктү төлөө эсебине чегерилет. Электрондук тооруктардын жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол тамга коюудан же сатып алуу-сатуу келишимин түзүүдөн баш тарткан учурда электрондук аукциондун жеңүүчүсүнө кепилдик төгүм кайтарылып берилбейт жана жергиликтүү бюджетке жиберилет.
11) муниципалдык мүлктү башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктуу орган өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыктары боюнча электрондук аукциондун жеңүүчүсү аныкталган күндөн тартып 7 (жети) календардык күндүн ичинде жеңүүчү менен сатып алуу-сатуу келишимин түзөт.
Аукциондун жеңүүчүсү сатып алуу-сатуу келишими күчүнө кирген учурдан тартып муниципалдык мүлктү сатып алат. Сатып алуу-сатуу келишими кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон кийин күчүнө кирет.
3. Муниципалдык менчик
объекттерин классификациялоо
9. Ушул Программага ылайык менчиктештирилүүгө тийиш болгон муниципалдык менчик объекттерине 2024-2027-жылдары менчиктештирилүүгө тийиш болгон Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчик объекттеринин тизмегине ылайык Кара-Балта шаары, Ш.Термечиков көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан «Ак-Кула» ат майданы мүлктүк комплексинин айрым курамдык бөлүктөрү кирет.
Зарыл болгон учурда менчиктештирүү объекттерин өзүнчө лотторго бөлүү максатка ылайык, алардын саны муниципалдык мүлктү башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
10. Менчиктештирүүгө тыюу салынган муниципалдык менчик объекттерине төмөнкүлөр кирет:
1) сейил бактардын, гүл бакчалардын, көрүстөндөрдүн мүлктүк комплекстери;
2) тарыхый-маданий мурас объекттери;
3) инженердик жана жол инфратүзүмүнүн объекттери;
4) Кара-Балта шаарынын аймагынын жашоо-турмушун камсыздоо тутумун эксплуатациялоону жана тейлөөнү камсыз кылуучу адистештирилген ишканалар, мүлктүк комплекстер жана жабдуулар;
5) ушул Программага ылайык Тизмекке киргизилген объекттерди кошпогондо, мектепке чейинки, мектептен тышкаркы жана жалпы билим берүү уюмдарына, калкты социалдык коргоо системасынын уюмдарына, маданият жана искусство уюмдарына, дене тарбия жана спорт уюмдарына бекитилип берилген муниципалдык мүлк;
6) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына акысыз пайдаланууга берилген муниципалдык мүлк;
7) пайдаланылбаган же түз эмес багыт боюнча пайдаланылган мүлктү кошпогондо, мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарына акысыз пайдаланууга берилген муниципалдык мүлк;
8) пайдаланылбаган же түз эмес багыт боюнча пайдаланылган мүлктү кошпогондо, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча Кара-Балта шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерин аткаруу үчүн арналган муниципалдык мүлк.
4. Муниципалдык менчикти менчиктештирүүдөн
каражаттардын түшүүсүнүн болжолу
11. Болжолдуу эсептөөлөр боюнча, ушул Программаны ишке ашыруунун натыйжасында Кара-Балта шаарынын жергиликтүү бюджетине 7 миллиард сом өлчөмүндө акча каражатынын түшүүсү күтүлүүдө.
12. Ушул Программага ылайык муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүүдөн түшкөн акча каражаттарын Кара-Балта шаарында заманбап талаптарга жооп берген жаңы ат майданын жана социалдык багыттагы объекттерди курууга жумшоо сунушталат.
5. Корутунду жоболор
13. Менчиктештирүүдө түзүлгөн сатып алуу-сатуу келишимдерине тараптардын макулдашуусу боюнча өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Мында мүлктүн сатуу баасын төмөндөтүү, сатып алуу-сатуу келишиминде аныкталган милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн сатып алуучунун жоопкерчилигин жеңилдетүү боюнча өзгөртүүлөр каралбайт.
14. Ушул Программаны ишке ашыруунун жыйынтыктары жана муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү боюнча бүтүмдөрдүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат белгиленген тартипте Кара-Балта шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын расмий сайтына жайгаштырылат.
Башчысы МСжММБ |
| А.Байышбаев |