Загрузка документа…
КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын
2024-жылдын 12-сентябры №6/1
« Ардактуу атуул наамын ыйгаруу жөнүндө ».
Кара-Камыш айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө ЖОБОго ылайык жана мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, талкуулап, Кара-Камыш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Камыш айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы жана өсүп келе жаткан жаш муундарга билим, тарбия берүүдөгү үзүрлүү эмгектери үчүн төмөнкү атуулдарга Кара-Камыш айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Асанбек Жаныбеков атындагы №46 Кара-Суу жалпы орто билим берүү мектебинин ардагер мугалими Машаева Саадакүл Асилбековнага Кара-Камыш айыл аймагынын ардактуу атуулу наамы ыйгарылсын.
3. Эркиналы Четинбаев атындагы №58 жалпы орто билим берүү мектебинин дене-тарбия мугалими Тилекбаев Таабалды Сүйүтбековичке Кара-Камыш айыл аймагыны ардактуу атуулу наамы ыйгарылсын.
4. Кадыркул Чекиров атындагы №23 жалпы орто билим берүү мектебинин дене-тарбия мугалими Жангараев Бекмурат Ашыровичке Кара-Камыш айыл аймагынын ардактуу атуулу наамы ыйгарылсын.
5. Алишер Молдокеев атындагы №3 жалпы орто билим берүүчү мектебинин ардагер мугалими Рыскулова Уулкан Жээнбековнага Кара-Камыш айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамы ыйгарылсын деген депутаттардын добуш берүүсүн
6. “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылган атуулга “ардактуу атуулу” жазуу лентасын, күбөлүгүн, жана төш белгисин даярдап тапшыруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
7. Кара-Камыш айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Камыш айыл аймагынын Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн kara-kamysh.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
Төрага: |
У.Жунусалиев |