КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-августу № 4
Социалдык объектилерге бөлүнгөн жер аянтын трансформациялоо жөнүндө
Кең-Арал айыл өкмөтүнүн карамагындагы социалдык объект курууга калтырылган жер аянтын трансформациялоо максатында депутаттардын Кең-Арал айылдык кенешинин VIII - чакырылышынын 14-сессиясы токтом кылат:
1. Кең-Арал айыл өкмөтүнө караштуу №70 чөйрө сызыгындагы 3,1га айыл чарба багытындагы жайыт жер категориясынан, калктуу конуш жер категориясына эс алуучу “Сейил багын” куруу үчүн трансформациялоого уруксат берилсин.
2. Жер тилкесин трансформациялоо жагы Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алымкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Б.Токонов |