Загрузка документа…
КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Камыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын
2024-жылдын 12-сентябры №6/2
« Кара-Камыш айыл өмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө ».
Кара-Камыш айылдык Кенеши, күн тартибиндеги маселе боюнча Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысы Султамуратов Төлөгөндүн кайрылуусун жана Кара-Камыш айылдык кеңешинин бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчиктерди кароо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун карап, талкуулап, Кара-Камыш айылдык кеңештин IX чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2024-жылдагы жергиликтүү бюджеттен Кара-Камыш көлүнө баруучу жолду оңдөп түзөөгө бөлүнгөн 70 000 (жетимиш миң) сом каражатты Кызыл-Көл айылындагы жолго труба сатып алууга 70629 бөлүктүн 22211200 статьясынан 70629 бөлүктүн 22221100 статьясына алмаштырууга макулдук берилсин.
2. Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 24-майындагы № 38-т “Райондун Кум-Бэл, Кара-Суу, Өкүн-Суу участкаларындагы алыскы жайыттарын Аркыт жана Аксы токой чарбаларынын карамагына убактылуу өткөрүп берүү” токтомуна ылайык Кара-Камыш айыл аймагынын жайыт планынан 800 000 (сегиз жүз миң) сом каражат кемитилип берилсин.
3. Кара-Камыш айыл өкмөтүндөгү ишкерлери адилеттүү салык төлөө үчүн (ГКМ) “Контролдук кассалык машинага” өткөндүгүнө байланыштуу Кара-Камыш айыл өмөтүнүн патент салыгынан 280000 (эки жүз сексен миң) сом каражат кыскартылсын.
4. Бул Токтомдорду мыйзамдуу аткаруу жагы өкмөт башчы А.Т.Султамуратовго тапшырылсын.
5. Кара-Суу айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн kara-suu.gos.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчиктерди кароо боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага: |
У.Жунусалиев |