Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 828-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 20-ноябры № 740-т
Жарандык авиацияны өнүктүрүү, ошондой эле ички жана эл аралык авиакаттамдар тармагын кеңейтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "China Construction Fifth Engineering Division Corp., ltd" компаниясынын ортосундагы "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы эл аралык аэропортту куруу" долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте:
1) белгиленген тартипте жерге жайгаштыруу көктөмөсүн түзсүн жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Багыш айыл аймагындагы Ленин айылынын жана Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан жалпы аянты 360 га жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө чечимдин тиешелүү долбоорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин;
2) бул тескемеден келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескеменин 3-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторун которуу (трансформациялоо) жол-жобосу аяктагандан кийин белгиленген тартипте:
1) бул тескеменин 3-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторун кабыл алуу-өткөрүп берүүнү жана алардын рыноктук наркын баалоо жол-жобосун жүргүзсүн;
2) жогоруда көрсөтүлгөн жер участокторун уставдык капиталындагы мамлекеттик үлүшүн көбөйтүү үчүн "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берсин.
5. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
1) акционерлердин жалпы чогулушунун кароосуна ЕРС + F моделине ылайык "Жалал-Абад" эл аралык аэропортун куруу жөнүндө "China Construction Fifth Engineering Division Corp., ltd" компаниясы менен келишим түзүү тууралуу маселени киргизүү;
2) көрсөтүлгөн жер участокторун максаттуу багыты боюнча пайдалануу;
3) бул тескемеден келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүү.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |