Редакцияот 10.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 10-августу № 7

 

Чектен чыгып кеткен курулуштар жөнүндө

 

 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын  14-мартындагы “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө обьекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштыруунун алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” ПЖ №56 Жарлыгын аткаруу максатында депутаттардын  Кең-Арал айылдык кенешинин   VIII - чакырылышынын 14-сессиясы токтом кылат:

       

1.Кең-Арал айыл аймагындагы Талас-Тараз-Суусамыр трассасында жайгашкан Сыйдалы көчөсүнүн жашоочуларынын  дарбазалары, короолору жолго тиешелүү болгон 28 метрге кирип кеткен жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, короо, дарбазалары талапка ылайык жылдырылсын. Коюлган талаптарды аткарбаган жарандарга мыйзам чегинде тийиштүү органдар аркылуу чара көрүлсүн.

2.Токтомдун аткаруу жагы Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы  Ч.Алымкуловго жүктөлсүн.

 

Төрага  

  Б.Токонов