КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-августу № 9
Социалдык объектилерге бөлүнгөн жер аянтын трансформациялоо жөнүндө
Кең-Арал айыл өкмөтүнүн карамагындагы социалдык объект курууга калтырылган жер аянтын трансформациялоо максатында депутаттардын Кең-Арал айылдык кенешинин VIII - чакырылышынын 14-сессиясы токтом кылат:
1. Кең-Арал айыл өкмөтүнө караштуу №38 чөйрө сызыгынын чыгыш тарбынан 0,20га айыл чарба багытындагы жайыт жер категориясынан, убактылуу элге кызмат көрсөтүү (көмүр сактоочу жай) үчүн трансформациялоого уруксат берилсин.
2. Жер тилкесин трансформациялоо жагы Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алымкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Б.Токонов |