Редакцияот 10.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 10-августу № 10

Мамлекеттик акты алуу үчүн бөлүнгөн жер аянтын трансформациялоо жөнүндө

 

 Кең-Арал айыл өкмөтүнүн аймагындагы суу маселесин жакшыртуу жана чечүү максатында Талас району менен чектеш токой тилкесинен баштап ошол жердеги №331 чөйрө сызыгындагы “суу топтоочу жай” (БСР) жана Камчы арык каналын Шаа жамаатынын жерленине чейин жана №204 чөйрө сызыгындагы каналга сууну коромжусуз алып келүү максатында карап, талкуулап депутаттардын Кең-Арал айылдык кенешинин VIII чакырылышынын 14-сессиясы  токтом кылат:                                                      

 

1. Кең-Арал айыл өкмөтүнүн аймагындагы №331 чөйрө сызыгындагы “суу топтоочу жай” (БСР) толугу менен, № 204 чөйрө сызыгындагы узундугу 450 метр жана туурасы 10 метр, № 191, 192, 193, 194, 195, 198, 200, 201, 278, 279, 326, 327, 329, 330 жана 332 чөйрө сызыгындагы Камчы арыкты башынан этегине чейин туурасы 12 метр жерге трансформациялоого уруксат берилип, жана мамлекеттик акты алынсын.

  2. Жер тилкесин трансформациялоо жана мамлекеттик акты жагы Бакай-Ата райондук мамлекеттик  администрациясына сунушталсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы   Ч.Алымкуловго жүктөлсүн.

 

    Төрага  

 Б.Токонов