Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын
2024-жылдын 08-августу №2
«Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө».
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевдин 07.06.2024-жылдагы №01-19/380 чыгыш сандуу катынын 3-пунктунда көрсөтүлгөн Курулуш айылына жаңыдан курулган спорт залдын аянтчысына басылган асфальттын сметадагы баасы 573 500 (беш жүз жетимиш үч миң беш жүз) сом акча каражатын Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо боюнча кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Курулуш айылына жаңыдан курулган спорт залдын аянтчысына басылган асфальттын сметадагы баасы 573 500 (беш жүз жетимиш үч миң беш жүз) сом акча каражаты Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Мыйзамдуулугун кароо менен иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевге тапшырылсын.
Төрага: |
М.Ш.Аликеев |