КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-августу № 11
Аксакалдар сотунун курамын жана иш алып баруусун жөнгө салуу үчүн комиссия түзүү жөнүндө
Кең-Арал айыл аймагынын Аксакалдар сотунун курамын жана иш алып баруусун жөнгө салуу үчүн комиссия түзүү максатында депутаттардын Кең-Арал айылдык кенешинин VIII - чакырылышынын 14-сессиясы токтом кылат:
1.Кең-Арал айыл өкмөтүндө Аксакалдар сотунун курамын жана иш алып баруусун жөнгө салуу үчүн төмөндөгүдөй депутаттардан турган комиссия түзүлсүн:
Комиссиянын төрагасы Д.Алымкулов;
Мүчөлөрү: Н.Сулайманкулова, Г.Сооронкулова.
2. Иш алып баруу жагы түзүлгөн комиссия курамына милдеттендирилсин жана жыйынтыгы 14 күндүн ичинде берилсин.
Төрага | Б.Токонов |