Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын
2024-жылдын 08-августу №3
«Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө».
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевдин 08.08.2024-жылдагы №01-19/931 чыгыш сандуу катында көрсөтүлгөн Кайың-Суу жалпы орто билим берүүчү мектебинин класстарын жана залдарын жасалгалоого (офомление) терезелерине жалюзи алууга сметадагы 885 100 (сегиз жүз сексен беш миң бир жүз) сом акча каражатын Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштап берүү боюнча жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кайың-Суу айылындагы Кайың-Суу жалпы орто билим берүүчү мектебинин класстарын жана залдарын жасалгалоого, (офомление) терезелерине жалюзи алууга сметадагы 885 100 (сегиз жүз сексен беш миң бир жүз) сом акча каражаты Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевге тапшырылсын.
Төрага: |
М.Ш.Аликеев |