Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын
2024-жылдын 08-августу №4
«Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө».
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Айгыр-Жал айылынын тургуну Аскарбек Мырзабековдун Чаткал районунун тарыхын китеп кылып чыгарууга сураган 150 000 (бир жүз элүү миң) сом акча каражатын депутаттардын сунушу менен Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоону угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Айгыр-Жал айылынын тургуну Аскарбек Мырзабековдун Чаткал районунун тарыхын “Чаткал кылымдардын түпкүрүнөн” аталыштыгы тарыхий китеп басып чыгарууга сураган 150 000 (бир жүз элүү миң) сом акча каражаты Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевге тапшырылсын.
Төрага: |
М.Ш.Аликеев |