Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XVIII-сессиясы
2022-жылдын 26-декабрындагы № 1
Багыш айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Багыш айылдык кеңешинин Регламентин, Багыш айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын XXI-сессиясынын 30.01.2020-жылдагы №7 токтому менен бекитилген “Багыш айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жѳнүндѳ” жобонун 1.4. пунктун негиздеп, Багыш айыл өкмөтүнүн Кедей-Арык айылынын тургундарынын « «Багыш айыл аймагынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жѳнүндѳ» сунушун, Багыш айылдык кеңешинин Социалдык, коомдук жана эл аралык уюмдар менен байланыш туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде, Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Багыш айыл аймагынын социалдык-экономикалык ѳнүгүүсүнѳ кошкон зор салымы үчүн «Багыш айыл аймагынын Ардактуу атуулу» наамы Канназаров Нурбек Домоновичке ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
3. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага |
| Ж.Сейдахматов |