Редакцияот 09.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 9-ноябры №118/XXIX-28

Акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө

Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т.Буйляшевдин Ысык-Ата районунун өнүгүү Фондунун "Строительный көчөсүн асфальт-бетон менен каптоону оңдоо" долбооруна катышуу үчүн дем берүүчү (үлүштүк)гранттарга 4000,0миң (төрт миллион) сом өздүк салымынын өлчөмүндөгү акча каражатын бөлүп берүүнүн зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап , Люксембург айылдык кеңеши:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.2024-жылга карата "Строительный көчөсүн асфальт-бетон менен каптоону оңдоо" долбооруна катышуу үчүн материалдар жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ысык-Ата райондук финансы башкармалыгына дем берүүчү(үлүштүк) грантты каржылоону карап чыгуу боюнча өтүнүч кат берилсин, анда Люксембург айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен долбоордук-сметалык документтерге ылайык 4000,0 миң (төрт миллион)сом салым кошууга кепилдик беребиз.

3.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4.Люксембург айыл өкмөтүнүн имаратындагы стендге жарыялансын.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Т. Буйляшевге жүктөлсүн.

 

Люксембург айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К.Шайлдабеков