Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-майындагы № 19
Муниципалдык менчикти эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө
«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдын 23-декабрындагы № 358 «Муниципалдык менчикти эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» буйругунун негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчикти эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссияга, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри М.Р.Джекшеновго жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасынын орун басары |
| А. Р. Сатыбалдиев |