Редакцияот 18.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 18-октябры №107/XXVIII-28

Турак үйдү сатууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамынын 2,10,11-беренелерине ылайык, Люксембург айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Киргшелк айылы, Дзержинский көчөсү, 28 дарегинде жайгашкан турак үйдү соодалашуу аркылуу сатууга макулдук берилсин.

2.  Турак үйдү сатуудан түшкөн акча каражаты Люксембург айылындагы, Строительная көчөсүндөгү бала бакчаны оңдоого жумшалсын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Люксембург айыл өкмөтүнүн имаратындагы стендге жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика, каржы, бюджет боюнча туруктуу комиссияга жана Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т. Буйляшевге жүктөлсүн.

 

Люксембург айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К.Р.Шайлдабеков