Загрузка документа…
АК-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык Кенешинин I кезектүү сессиясынын
2021-жылдын 27-январы № 1-1
Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жыл үчүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүктөрүн жана 2022-2023-жылдарга болжолдуу киреше, чыгашаларын бекитүү жөнүндө
УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы А.Туюкбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүктөрү төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
Кирешелер боюнча:
Жергиликтүү кирешеден түшүүчү салык 4261,3 мин сом
Тендештирилген грант 5327,6 мин сом
Бардыгы: 9588,9 мин сом
(Кирешелердин түрлөрү боюнча тиркеме тиркелет)
Чыгашалар боюнча:
А) Башкаруу аппаратына: 5185,5 мин сом
Б) Экономикалык маселелер (жайыт): 393,1 мин сом
В) Маданият: 658,0 мин сом
Г) Билим берүүгө: 3133,1 мин сом
Д) Атайын каражат 219,2 мин сом
Бардыгы: 9588,9 мин сом
(Чыгашалардын түрлөрү боюнча тиркеме тиркелет)
2. 2021-жылга айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча киреше бөлүгү 9588,9 мин сом. Чыгашалар бөлүгү 9588,9 мин сом бекитилсин. Бюджетте көрсөтүлгөн акча каражаттар тиешелүү статьялар, элементтер боюнча жумшалсын.
3. Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү кирешеден түшүүчү салык 4356,3 мин сом. Тендештирилген грант 5398,7 мин сом. Жалпы: 9755,0 мин сом. 2023-жылга жергиликтүү кирешеден түшүүчү салык 4432,3 мин сом. Тендештирилген грант 5446,8 мин сом, жалпы: 9879,1 мин сом бекитилсин.
4. Бул токтом айыл өкмөтүнүн www.ak-talaa.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Стамакуновго милдеттендирилсин.
Айылдык кенештин төрагасы: | А.Туюкбаев |