Редакцияот 18.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 18-октябры №108/XXVIII-28

Жол кире акысын бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө

Киргшелк айылынын жашоочуларынын Киршелк – Бишкек №344 каттамынын жол кире акысын бекитүү жөнүндө катын карап, Люксембург айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1 2023-жылдын 1-ноябрынан баштап Киргшелк – Бишкек каттамы боюнча жол киреге 25 сом, Киргшелк – Новопокровка айылы-15 сом, ал эми пенсионерлер жана жеңилдетилген калк үчүн 7 сом, окуучулар үчүн-15 сом өлчөмүндө макулдук берилсин.

2.Люксембург айыл өкмөтүнүн Киршелк айылынын старостасы А.Т.Молдогазиев Киршелк айылынын тургундарына маалыматты жеткирсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Люксембург айыл өкмөтүнүн имаратындагы стендге жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т. Буйляшевге жүктөлсүн.

 

Люксембург айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К.Р.Шайлдабеков