Загрузка документа…
АК-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык Кенешинин I кезектүү сессиясынын
2021-жылдын 27-январы № 1-2
Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 01.01.2021-жылга 2020-жылдан бюджетке калдык болуп калган 1 805 162,57 (бир миллион сегиз жүз беш мин бир жүз алтымыш эки) сом атайын каражаттан (ата-энелер төлөмүнөн) 246 794 (эки жүз кырк алты мин жети жүз токсон төрт) сом акча каражатын бекитүү жөнүндө
УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы А.Туюкбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 01.01.2021-жылга 2020-жылдан бюджетке калдык болуп калган 1 805 162,57 (бир миллион сегиз жүз беш мин бир жүз алтымыш эки) сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүнсүн.
– Жайыт инфраструктурасын жакшыртуу үчүн – 125 700 сом
– “Беш-Конуш” ИСААКБнын ремонтуна 108 000 сом
– Микротик – 8000 сом
– Вебсайт – 10 000 сом
– Ит атууга – 18 000 сом
– Гипроземден архивдик материалдарды алуу үчүн- 50 000 сом
– “Кенбил булагы” бала бакчасын, Терек-Суу айылдык клубун камсыздандыруу үчүн 10 000 сом
– ФЭБ башчысына ноутбук алуу үчүн – 50 000 сом
– Интернет булагына кабель алууга – 5000 сом
– Калинин, Терек-Суу айылдарындагы борбордук мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө 30 000 сом
– Тиркемеге газеталарды алуу үчүн 15 200 сом
– Авган ардагерлеринин күнүнө карата – 4000 сом
– 9-май Жениш күнүнө карата – 5000 сом
– Өзгөчө кырдаалдарды алдын алууга – 100 000 сом
– Түрткү берүүчү гранддын өздүк салымына – 450 000 сом
– Техникалык корутунду алуу үчүн – 11 500 сом
– Мамлекеттик экспертизадан долбоор өткөрүү үчүн – 10 000 сом
– Калинин айылындагы гараждын долбоорун жана сметасы түзүү үчүн – 135 540сом
– Т.Адыранов орто мектебине таза сууга фильтр коюу үчүн – 8000 сом
– Кенбил булагы балдар бакчасына компьютер, принтер алуу үчүн -50 000 сом
– Ак-Талаа №8 /ДТга жылытуу системасына насос алуу үчүн 3500 сом
– Айыл өкмөтүнүн ВУС кызматкерине компьютер, принтер алууга 50 000 сом
– Калинин айылына спорт комплекс куруу үчүн АПУ,ИТУ алууга 110 000 сом
– Муниципалдык ишкана ачууга документтерине – 3122 сом
– Муса кызы Бейшегүл балдар бакчасына компьютер, принтер алууга 50 000 сом
– Терек-Суу айылдык ФАПка көмүркана, даараткана салуу үчүн курулуш материалдарын алууга – 100 000 сом
– Терек-Суу айылындагы гараждын документерин бүтүрүүгө жана гаражды бөлүп тосуу үчүн курулуш материалдарын алууга – 100 000 сом
– А.Чортеков орто мектебине керектүү жабдыктарды алуу үчүн – 34 600 сом
– Терек-Суу айылынын күн батыш тарабындагы Кара-Коюн сайынын нугун буруу үчүн – 150 000 сом
2. Атайын каражаттан (ата-энелер төлөмүнөн) 246 794 (эки жүз кырк алты мин жети жүз токсон төрт) сомакча каражаты балдар бакчасындагы тарбиялануучу балдардын тамак-аш азыктарын алуу үчүн каралсын.
3. Бул токтом айыл өкмөтүнүн www.ak-talaa.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Стамакуновго милдеттендирилсин.
Айылдык кенештин төрагасы: | А.Туюкбаев |